Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:07

Депутаттын жардамчысы илешкен чыр


Бакыт Мендешевдин акциясынан бир көрүнүш
Бакыт Мендешевдин акциясынан бир көрүнүш

“Элдиккредит” микрокредиттик уюмдун мурдагы жетекчиси Чолпон Мусакожоеванын иши сотто акыйкат каралбаса, туугандары өзүн өрттөөгө даяр экенин билдирип чыгышты.

Алар парламент депутатынын жардамчысы Бактияр Жаналиевдин алдамчылыгынан улам Мусакожоева сот жообуна тартылып, Жаналиев өзү Жогорку Кеңештеги тааныштарын ортого салып, тергөөгө басым жасап, жоопкерчиликтен кутулуп жатканын айтышты.

“Чолпон Мусакожоева ак жеринен түрмөгө кесилгени жатат” деп анын туугандары 24-июнда Ак үй алдында митинг уюштуруп, жолдошу Бакыт Мендешев өзүн өрттөөгө аз жерден калган. Ал күнү кырсыкты милиция жана туугандары алдын алып калганы менен Кемин райондук соту ишти акыйкат карабаса өзүнө кол салуудан тартпай турганын билдирүүдө.

Айткандыкы эмес, тааныш тапкандыкы

Айыпталуучунун тууганы Улан Мендешевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Чолпон Мусакожоева “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутат Абдыкапар Султановдун жардамчысы Бактияр Жаналиевдин былыктарынын негизинде курмандыкка чалынууда.

Улан Мендешев Мусакожоева 2013-жылы “Элдиккредит” микрофинансылык уюмун жетектеп турган учурда Бактияр Жаналиев бул уюмдун негиздөөчүсү болуп, финансылык көз боёмочулукту өзүнүн уюму аркылуу жүргүзүп келгенин айтат. Натыйжада Мусакожоева өз жетекчилигинин мыйзам бузууларын 2013-жылы байкап калып, күч органдарына арыз жазгандан тартып, бардык “кара иштер” эми анын өзүнө оодарылды" дейт тууганы.

- Бактияр Жаналиев ал маалда Улуттук банкта иштеп келген. Аялын “Элдиккредитке” башкы эсепчи кылып, Чолпон Мусакожоеваны жетекчи кылып койгон. Ошол микрокредиттик уюм аркылуу ал акчасын айлантып, көз боёмочулук менен алектенген экен. Кийин аны Чолпон байкап калып, бардыгын Финполго айтып берип жатпайбы. Бирок бүт документтерди тууралап, тергөө менен сүйлөшүп, бүгүн аялы экөө иштен кутулуп кетишти. Ал эми биздин Чолпон болсо 2013-жылдан бери күч органдарында сүйрөлүп келатат.

Учурда Чолпон Мусакожоева Бишкектин №1 тергөө абагында отурат. Ага “финансылык көз боёмочулук”, “жалган документтерди жасоо” деген кинелер тагылган. Алгач Финансы полициясы Мусакожоева 10 млн. сомдун тегерегинде акчаны кымырган деп кылмыш ишин козгогон. Кийин иш Чүй ИИБга өткөрүлүп, андан соң Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгы ишти аягына чейин тергеп сотко өткөргөн.

"Элдиккредит"? Жок, билбейт экенмин

Өз кезегинде депутаттын жардамчысы Бактияр Жаналиев бул ишке таптакыр тиешеси жок экенин айтууда. Ал 2013-жылы Улуттук банкта иштегени, ал эми аялы Өлмөскан Султанова “Элдиккредитте” башкы эсепчи болгону чын деп, бирок Чолпон Мусакожоева менен тааныштыгы жок экенин белгиледи. Ошол эле учурда “Элдиккредит” микрокредиттик уюмга таптакыр тиешеси жоктугун айтты.

- Бул иш 2013-жылы эле козголгон. Эмне үчүн туугандары ошол маалда мен Улуттук банкта иштеген учурда ошол жакка келип митинг өткөрбөйт? Мен Мусакожоеваны аялым менен чогуу иштегендиктен кээде эле көрүп калчумун. Бирок өтө тыгыз тааныштыгым жок. Экинчиден, мен Бишкекте Улуттук банкта иштеп жатсам, кантип Кеминдеги “Элдиккредит” микрокредиттик уюмга барып иштемек элем? Менин микрокредиттик уюм ача турган акчам даы жок.

Анткен менен депутаттын жардамчысы Бактияр Жаналиев Кемин районун тургундары эмне үчүн ага нааразы болуп жатканын түз түшүндүрүп бере алган жок. Бирок анын дарегине сын айтып, абийирине шек келтиргендердин бардыгын сотко берүүгө камынып жатканын кошумчалады.

Жаналиевди жакындан тааныгандар көп

Бактияр Жаналиев өз укугун коргоп сотко берген чакта деле иш жеңил болчудай эмес. Себеби Кемин районунда аны атынан эмес, жеке тааныгандар ага каршы сотто көрсөтмө берүүгө даяр экенин айтышты.

“Элдиккредиттен” 2013-жылы эле 250 миң сом насыя алган Бермет Тайчиманова ошол маалда Бактияр Жаналиев өзү насыя алууга элди үгүттөп, микрокредиттик уюмда консультация берип жүргөнүн айтат. Бермет Тайчиманова азыркыга чейин ошол насыяны төлөп келет. Ал эми адистерден сураштырса, алган акчаны 62 пайыздык үстөк менен төлөп жатканын айтышкан.

- Чындап эле мен ошондо насыя алып жатканда жылдык үстөгү 23 пайыз деп айткан. Бирок барган сайын насыяны төлөөдө кыйналгандыктан Улуттук банкка кайрылуу жөнөтсөм, мага 62 пайыздан төлөп жатканым тууралуу маалым кат беришти. Мен азыр таң калып отурам, көрсө, ошол маалда эле келишимде алданыптырбыз. Азыр үйүмдү алабыз деп “Элдиккредиттен” келип-кетип жатышат.

Тууганы Улан Мендешевдин айтуусунда, Бактияр Жаналиев 2015-жылкы парламенттик шайлоодон соң депутат Абдыкапар Султановдун жардамчысы болгондон тарта тергөө ыкчам жүрүп, Башкы тергөө башкармалык ишти сотко өткөрүүгө шашылган. Мындан улам Чолпон Мусакожоеванын туугандары депутат Абдыкапар Султанов тергөө ишине кийлигишип, басым жасаган деп шектенишүүдө. Себеби депутат Султанов бир учурда Бактияр Жаналиевдин жетекчиси да, кайын атасы да болот экен.

Карасартова: депутаттын таасири чоң

“Азаттыктын” депутат Абдыкапар Султановдун өзү менен байланышка чыгуу аракетинен майнап чыккан жок. Ал эми депутаттын тергөө ишине таасир этүүсү канчалык натыйжалуу болушу мүмкүн деген суроого Коомдук анализ институтунун жетекчиси Рита Карасартова мындай жооп кайтарды:

- Эгер депутат өзү тергөө ишине кийлигишип, иштин өзү тарапка ыңгайлуу бүтүшүнө кызыкдар болсо, анын таасири чоң ролду ойнойт. Анткени бүгүнкү күндө биздин тергөө жана эң негизгиси сотторубуз өзгөчө бийлик бутагы экенине ынана элек.

Бактияр Жаналиев анын кайын атасы тергөө иштерине кийлигишти деген сөздү четке кагып, курулай доомат экенин айтат. “Депутат сот жана тергөө иштерине кийлигишүүгө акысы жок” деген Жаналиев бул ишке сот чекит коёт деп үмүт артат.

“Элдиккредит” микрофинансылык уюмдун мурдагы жетекчиси Чолпон Мусакожоеванын иши Кемин райондук сотунда каралуу алдында турат. Ал эми туугандары акыйкат чечим чыгып, чыныгы күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылбаса, ишке ашпай калган өзүн өрттөө акциясын аягына чыгарып, коомчулуктун көңүлүн бурдуруу айласын издөөдө.

Депутатка нааразы адам өзүн өрттөөгө аракет кылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:50 0:00

XS
SM
MD
LG