Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Жазуучуларга үмүт берген курултай


Жазуучулар союзунда эриген муз
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:12 0:00

Жазуучулар союзунда эриген муз

Бишкекте Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун он бешинчи курултайы өттү. Жыйында кыргыз поэзиясынын, прозасынын, драматургиясынын, адабий сынынын абалы талкууланды.

Жазуучулар биримдигинин бүгүнкү абалы ортого салынып, 85 жылдык тарыхы бар уюм бүгүн мыкты чыгармаларды окурманга жеткирүүдө алсыз болуп жатканы белгиленип, бул өксүктү жоюу тууралуу сунуштар айтылды.

Улуттук жазуучулар биримдигинин төрагасы Нурлан Калыбеков өз баяндамасында чыгармачыл уюмдун кейиштүү абалы тууралуу кеп козгоп, учурда алар ээлеп отурган бөлмөлөрүнүн ижарасына да карыз экенин айтты:

- Биз азыр отурган бөлмөлөрүбүзгө 1,5 миллион сомдой карызыбыз. Ал аз келгенсип баягыда 130 миңден ашуун туумду кошуп салышкан. Имаратка ээлик кылган дирекциянын жетекчисина барып акелеп-жакелеп “Кудай урбадыбы эми, Жазуучулар союзу коммерциялык уюм беле? Бул жалаң интеллигенттердин ордосу. Азыр бизге мамлекет башчысынан тартып Жогорку Кеңешке чейин жардам бергени жатат. Эгерде силер колдон келген жардамыңарды бербесеңер уят эле болосуңар” деп эптеп көндүрүп, ошол туумду жойдурдум.

Баяндамачылардын бири, биримдиктин поэзия секциясынын жетекчиси, акын, филология илимдеринин доктору Аида Эгембердиева өз баяндамасында уюмдун кадыр-баркы ага мүчө акын-жазуучулардын чыгармачылык кудуретинен, шык-жөндөмүнөн да көз каранды экенин белгиледи:

Аида Эгембердиева.
Аида Эгембердиева.

- Союзга өтөм дегендерден мындан ары адабияттын теориясы жана дүйнөлүк адабиятты мындай кой, кыргыз адабиятынан сынак алуу сунушун айтат элем. Жазуучу болом деген адамда адабий жанрлар тууралуу, адабиятта мурда-кийин кимдер болгону тууралуу сөзсүз түшүнүк болушу керек. Союзга мүчө болом дегендердин курагын эске алсак, көбү улуу муундагылар. 60-70-80 жаштагылар жүрөт. Башка адистиктерде иштеп, бала-чаканы чоңойтуп, бардыгын өз ордуна койгондон кийин санаасы тынчып, эми адабиятты эрмектегиси келип жаткан жокпу? Курагы улуулап калган учурда калем кармагандарга мен кооптонуу менен карайм. Балким Жазуучулар союзунун билети менен төш белгиси мактаныч катары гана колдонулуп, интеллектуалдык чөйрөгө аралашуунун куралы болуп калбайбы?

Курултайда биримдик мамлекеттик колдоого муктаж экени тууралуу сөз болду. Төрага Нурлан Калыбеков Жазуучулар биримдигине кошулуп айтылып жүргөн “улуттук” деген макамды расмий түрдө мыйзамдаштыруу зарыл экенин белгиледи.

Бул жаатта биз кыргыз-түрк жазуучусу Ибрагим Түркхандан Түркиянын тажрыйбасы тууралуу пикирин сурадык:

Ибрагим Түркхан.
Ибрагим Түркхан.

- Ооба, Түркияда улуттук жазуучулар союзу бар. Менин билишимче, аларды мамлекет каржылабайт. Бирок түрк жазуучулары үчүн калем акы жагы жакшы өнүккөн. Мисалы, кайсы бир жазуучу Маданият министрлигинин же окуу жайлардын биринин буюртмасы боюнча китеп жазышы мүмкүн. Ал үчүн жакшы калем акы коюлат. Негизи эле ар бир акын, ар бир жазуучу, ар бир котормочу жасаган эмгеги үчүн татыктуу акы алат.

Ибрагим Түркхан Түркиядагы акын-жазуучулар негизинен өзүнүн тамырын батыш адабияты менен айкалыштыруунун негизинде өнүгүп келгенин белгиледи.

Кыргыз эл баатыры, драматург Бексултан Жакиев бүгүнкү баяндамаларда негизинен акыркы жылдарда адабий өнүгүү ойдогудай эместиги айтылганын белгилеп, алдыга жылуу үчүн Жазуучулар союзу тыкыр иштеши керектигин эске салды.
­

- Мына, турмуш өзү көрсөттү. "Чыгармачыл союздар совет доорунан калган калдык, азыр аны кармап турганга болбойт" деген сөздөр айтылып келген. Бирок турмуш маданий уюмдар керек экенин көрсөтүп турат. Албетте, аны ылайыктап, азыркы заманга жараша өзгөртүп, түздөп коюшубуз керек. Эмне болгон күндө да Жазуучулар союзу абдан керек. Мисалы илгери жазуучулар коомдо болуп жаткан, боло турган ар бир окуяга жигердүү катышып, сөзү өтүмдүү болчу.

Жакиев кезинде легендарлуу парламентте чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү басымдуу болгонун, алардын сөзү таасирдүү болгону үчүн ошол кездеги бийлик парламентти таркатып жибергенин кошумчалады.

Курултайдын жыйынтыгы менен Улуттук жазуучулар союзунун жаңы жетекчилиги бекип, уюмдун уставына өзгөртүүлөр киргизилери макулдашылды. Ага ылайык мекеменин "улуттук" деген статусун мыйзам негизинде бекемдеп берүү чечими кабыл алынды.

Улуттук жазуучулар союзунун курултайы ар бир беш жылда өтүп турушу керек. Акыркы жолу 2011-жылы өткөн.

Кыргыз жазуучулар союзу быйыл өзүнүн 85 жылдыгын белгилеп жатат. Азыр анын алты жүздөн ашуун мүчөсү бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​


  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG