Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:26

Бакиевдер аралашкан базардын талашы


Талашка түшкөн базардын алыстан көрүнүшү
Талашка түшкөн базардын алыстан көрүнүшү

Жалал-Абаддын Сузак районундагы мал базар орун алган жердин талашы күчөдү. Мал базарда азыр 200дөн ашык адам иштеп, каражат табат.

Менчик ээсин айыл өкмөттүн ишенимдүү өкүлдөрү сотко берип, бул иштерге Бакиевдин жакындары дагы аралашып жаткандыгы айтылууда. Жеке ишкер өлкө бийлигинен мыйзамдуулукту калыбына келтирүү үчүн жардам сурап кайрылууда.

Базардын тарых-таржымалы

Сузак районунун Кызыл-Туу айыл округунда жайгашкан мал базарды 20 жылдан бери жеке ишкер Уркуя Эркинбаева иштетип келет. 1996-жылы сай боюндагы бул таштак жерди сатып алып, мал базар курдурган.

Талашка түшкөн базар
Талашка түшкөн базар

"2006-жылы мурунку президенттин иниси Акмат Бакиевдин кийгилишүүсү менен бул жер экиге бөлүнүп, бир тарабы башка айыл округдагы жашоочуларга ижарага берилип, ошондон бери соттошуп келебиз" - дейт Эркинбаева:

- Ошол учурда Бакиевдердин өзүнчө саясаты болгон, "обончу" аялдарын колдонуп, базарды басып алууга аракет кылышкан. Бул иштерге түздөн -түз Акмат Бакиев кийлигишип турду. Мен таштак жерди түздөтүп, базарга айландырган соң кызыккандар көбөйдү. Колумда бардык документтер бар болгонуна карабай, 2006-жылы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы мал базардын жарым жерин Бакиевдин жээндери Мамажановага келишим менен берип койгон. Бардык талаш маселе ошол учурдан башталган. Азыркы учурда дагы Бакиевдин "куйруктары" бар экен. Дагы эле алар токтобостон,сот чечимдерин буздуруп, ары-бери калчашып, менин тынч иштөөмө тосколдуктарды жаратып келе жатышат.

Бүтпөгөн соттошуулар

Талаш жараткан беш гектарга жакын мал базардын жери союз учурунда суу фондунун карамагында болгон. Кийинчерээк “Мундуз” фирмасы сатып алган. Ошондуктан бул жерге 1992-жылы эле райондук мамлекеттик администрациянын буйругу менен мамлекеттик акты берилген. Андан соң азыркы жеке ишкер сатып алып, кызыл китебин жасаткан. Бир топ жылдардан бери Кызыл-Туу айылдык кеңешинде депутат болуп келе жаткан Барпыбай Абдылбеков бул жер талашсыз ушул айыл өкмөткө караштуу дейт.

- Бул базардын жери мурда облустук керек-жарак коомуна, Шыбак-Бел айылдык керек-жарак коомуна, андан кийин "Мундуз" фирмасына караган. Андан соң фирма бул жерди менчикке саткан. Эң кызык жери беш гектарга жакын жердеги мал базар бир бүтүн жер болуп турса булар ортосунан кандайдыр бир сызык жүргүзүшүп, бир жагы Таш-Булак айыл округуна карайт деп жатат. Мурда эки айыл округдун башчылары кол койгон документ бар. Анда талашсыз Кызыл-Туу айыл округуна карайт деп жазылып турат. Ошого карабастан райондук соттон тартып Жогорку Сотко чейин арыздануу жана соттошуу тынбайт келет.

Акмат Бакиев
Акмат Бакиев

Мал базардын тең жарымынын аянтын Таш-Булак айыл округунан 2006-жылы убактылуу ижарага алган Айчүрөк Мамажанова ушул кезге чейин аны пайдаланбаганын жана соттошуп келе жатканын айтат. Ал өзүн Бакиевдердин жакын тууганы экендигин да жокко чыгарды.

- Мага келишим менен кол коюлуп, 2006-жылдын апрель айында ошол кездеги айыл өкмөт башчысы Тайкожо Гиязов жерди 2017-жылга чейин деп ижарага бөлүп берген. Ошол жылдан бери соттошуп келе жатабыз, булар жерди бошотуп бербей жүрөт. Кезегинде булар жерди басып алышкан, 450 миң сомго сатып алгам дейт, бирок андай эмес. Мен Бакиевдерге жакын адам эмесмин. Мени же балдарымды Бакиевдер жумуштарга орноштурган жок. Баары калп сөздөр. Мен акырына чейин соттошом.

Эки айыл өкмөт тең бул жер тилкеси биздин карамагыбызда деп талашып жатышат. Бирок жеке ишкер салыктардын баарын Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө төлөп келет. Жакында эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын тобу бул маселени жеринде келип көрүшүп, айылдык кеңештин депутаттарынын токтомун парламентке жөнөтүүнү сунуштаган. Райондук жерге жайгаштыруу башкармалыгынын бөлүм башчысы Абдыкайым Мурзалиев буга Жогорку Кеңеш чекит коюшу керек дейт.

- Эми эки айыл өкмөттүн айылдык депутаттары бул маселени карап, токтомун ЖКга жөнөтүш керек. Бирок бул жерге кызыл китеп убагында туура эле берилген. Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин райондук админстрациянын буйругу менен мыйзам чегинде жеке менчик укугу таанылып, жер бөлүнүп берилген. Эми менчик ээсине убагында документ бергени үчүн мамлекет ага кепил болушу керек.

Баяман Эркинбаев
Баяман Эркинбаев

2014-жылга чейин бул иштер Жогорку Сотто да каралып, Эркинбаеванын пайдасына чечилип берилген. Учурда экинчи тарап жеке ишкерге берилген кызыл китепти жокко чыгарууну өтүнүп, кайра район аралык сотко кайрылган. Уркуя Эркинбаева мыйзамдулукту орнотуп берүүнү суранып президентке кайрылып жатат:

- Тынчыбаган Бакиевдин жакындары кайрадан рейдерлик баскынчылык менен алууга аракеттенип жатат. Айыл өкмөт менен анын келишими сот аркылуу жокко чыккан. Бирок кайра эле Таш-Булак айыл округуна ага сотко катышуу үчүн ишеним берип коюп жатат. Эки айыл округдун ортосунда менчигим жайгашып калса, бул менин күнөөм эмес да. Бардык кызматтар жер ээси мен экендигимди тастыктап турса да соттор бурмалап коюп жатышат.

Уркуя Эркинбаева Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Баяман Эркинбаевдин бир тууган эжеси. 2005-жылы Баяман атып өлтүрүлгөн соң анын жакындарына таандык мүлктөргө Бакиевдер кызыга баштаганы айтылган. Алардын бири, ушул мал базардын жерин Акмат Бакиев колго алуу аракет жасаганы тууралуу сөздөр бар.

2009-жылы Жалал-Абад шаардык соту мал базарды сүрдүрүү чечимин чыгарып, кийин сот чечимин аткарууга 10 күн калганда 2010-жылдагы апрель окуясы болуп кетип, ал ишке ашпай калган.

XS
SM
MD
LG