Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:09

Кытай менен Индиядагы кыргызча жер аттары


Арслан Капай уулу Койчиев.
Арслан Капай уулу Койчиев.

Географиялык аталыштарды элдердин миграциясынын багыттарын, белгилүү бир мезгилдеги жайгашуусун аныктоонун булагы катары карап, Садыбакас Өмүрзаков өз эмгектеринде кыргыздардын айрым бөлүктөрү Тибетке карай, Каракорумга чейин кирип баргандыгын айгинелеген тыянак чыгаргандыгы маалым.

2000-жылы биз менен маегинде Садыбакас Өмүрзаков ушул жобону кайталап, маселени дагы тереңирээк үйрөнүп көрсө болчудай деген пикир айткандыгы эсимде.

Кыргызстандагы география илиминин өнүгүшүнө өмүрүн арнаган аксакалдын ошондогу айткандарынан улам Түндүк Индия менен Кытайдын Тибет аймагы чектешкен чөлкөмдөгү жер аттарын өз алдымча үйрөнүп, чыны менен эле кыргыз жер аттары арбын учураарын ырастаган маалыматтарды топтодум. Алардын айрымдары кыргыз географтарына эбак белгилүү болушу мүмкүн.

Бул чакан макалада Каракорум тоо кыркаларынын Индия менен Кытайдын чек арасын түзгөн бөлүгүндөгү, тагыраак айтканда Индиянын Ладак району (Кашмир штатына карайт) менен Кытайдын Түндүк Тибет чөлкөмү тогошкон аймактагы түркчө жер аттарына токтолобуз.

Каракорум аталышы нукура кыргыз сөздөрүнөн куралган аталыш. Бул тоо кыркасынын Тибет платосуна барып такалган кыйыры - Аксай-чин. Ал Кашмир географиялык аймагынын бийик тоолуу бөлүгү деп да аталып, Кытай менен Индиянын ортосундагы талаштуу жер.

Аксай-чинде Кызыл-Жылга, Чоң-Таш, Аксай деген кыргыз жер аттары катталган. Кыргыз жер аттары Каракорумдун түштүк өңүрүндө, Индиянын Ладак районунун аймагында да арбын учурайт. Ладак району XIX кылымда Кашмир штатынын курамына каратылганга чейин Тибет падышаларынан тарагандар тарабынан башкарылып, X кылымдан бери өз алдынчалыгын сактап келген.

Изилдөөчүлөр Ладактын административдик борбору Лех калаасы Индия менен Борбор Азияны бириктирген соода түйүнү катары негизделгендигин белгилешет.

Борбор Азиялыктар менен жергиликтүүлөрдүн аралашмасынан чыккан мусулмандар азыр да «аргын эли» деп аталып, будда дининдегилер менен жанаша жашаган жамаат.

XIX кылымда Батыш саякатчылары Индиядан түндүгүрөөктө жаткан жерлерди - Гиндикуш, Каракорум, Куен-Лунь, Памир, Гималай тоолорунун географиясын изилдөөгө жигердүү киришет. 1857-жылы бир тууган Адольф, Герман жана Роберт Шлагингейттер Каракорум аркылуу Аксай-чинге өтүп, андагы Кара-Каш өзөнүнүн башатына жетишкен. Андан ары Давлат-бек өлдү, Көк-Көл, Элчи ашуусу, Ой-Таш, Султан-Чүшкүн (түшкүн?) деген жерлерге конуп, Ладактын борбору Лех калаасына киришкен.

Алар Кытай ээликтерине кирүү үчүн Каракорумду кайра ашып келатканда төмөндөгү жер аттарын эскеришет: Сөгөт, Кара-Каш, Кызыл-Корум, Чадар-Таш (Чатыр-Таш), Коташ-Жылга (Кой-Таш-Жылга же Котос-Жылга), Кыргыз-Жангал (Жаңал?), Сасык-Булак, Ак-Таш, Бухар-өлдү, Кулан-өлдү, Чоң-Таш, Кара-Таш, Кумдан, Дерир-Таш. Ал эми Куен-Лунь тоолорунун Тибет жак түштүк капталындагы Бушия ойдуңунан көчмөн түрктөрдү (кыргыздарды деп боолголосок болот) көрүшкөн (Кененирээк караңыз: Results of a scientific mission to India and High Asia, undertaken between years 1854 and 1858, by order of the court of directors of the honourable East India company, by Hermann, Adolphe, and Robert de Schlagintweit-Trubner, London, 1861).

Каракорумдун Индия менен Кытай чектешкен бөлүгүндөгү кыргыз жер аттары тууралуу кызыктуу маалыматтарды швециялык окумуштуу Свен Хединдин (1865-1952) эмгектеринен табабыз.

Свен Хедин 1902-жылы Индиянын Лех калаасынан Кытай ээликтерине аттанат. Анын Каракорумдун Ладак жагындагы басып өткөн жерлери төмөнкүлөр: Чоң-Жангал (салыштырыңыз: Кыргыз-Жангал), Сөөк, Жатук (Жатык?), Султан-Чукур (Салыштырыңыз: Султан-Чүшкүн), Ак-Таш, Кичик-Кумдан, Чоң-Кумдан, Чадар-Жылга (Чатыр-Жылга?), Дорат-би (Дорат-бий?). Свен Хедин Каракорумдун Тибетке тушташ Кытай бетине түшүп келатып, Баксум-Булак, Чатыр-Таш, Насыр-Таш, Ак-Таш, Чыгра, Кутас-Жылга, Сугет-Агзы (Сөгөт-Оозу), Сугет- Караул (Сөгөт-Кароол), Чал-Түшкүн, Уж-Бек (Үч-Бек), Күрүч-Карлык, Эр-Назар, Боз-Чат, Тар-Бугас, Санжы-Даван, Кулан-Куйрук, Күлдүргүч, Чоң-Таш деген жерлер аркылуу өтөт (Караңыз: Sven Hedin. Central Asia and West Tibet. - Stockholm, 1907).

Каракорум аркылуу ар түрдүү жылдары өткөн саякатчылар (Лорд Данмор, Свен Хедин, Стивен Грахам, Генри Лансдел ж.б.) Сөгөт-Кароолдо Кытайдын чакан чеби жайгашып, аны кыргыздар кайтараарын белгилешет. Аксай-Чинден агып түшкөн Кара-Каш жана Килян сууларынын кошулушундагы «Эр-Назар» деген жер атынын жаралыш тарыхы кызык.

Батыш саякатчыларынын жазгандарына караганда ал жер Али-Назар, Али-Назар-Коргон деп да аталат. Лорд Данмор жазып алган маалыматтарга ылайык, Али-Назар аттуу кыргыз кайсы бир кылыгы үчүн Кокондун башкаруучусу Алымкул-аталык менен келише албай калып, Каракорумдун түбүн жердеген кыргыздардын арасына кире качат. Бирок, Алымкул-аталык Али-Назарды тирүүлөй таап келгиле же көзүн тазалагыла деп кыргыз атчандарын атказган экен.

Али-Назар (Эр-Назар) өлтүрүлгөн жер анын аты менен аталып калат. Ал эми Кара-Каш суусунун боюнда Чыланчы-байдын күмбөзү бар, аны Али-Назар тирүүсүндө салдырган (Danmore, Earl of., The Pamirs. A Narrative of a Years Expedition on horseback and on foot through Kashmir, Western Tibet, Chinese Tartary, and Russian Central Asia, Two Vols. London, 1895).

Фернанд Гренард Тибет платосунун батыш өңүрүн кыдырып, Жашыл-Көлгө жеткен. Тибеттеги Жашыл-Көлдү капитан С. Ж. Роулинг да эскерип, суусу ичүүгө жарабайт деп жазат. 1886-89-жылдары А. Д. Карри менен Эндрю Далглейш Түндүк Тибетти изилдешип, Аяк-Кум-Көл аркылуу өтүшөт. «Амбан-Ашкан ашуусу аркылуу Чыман-Тагды аштык, андан батышыраакта Чоң-Кум-Көл деген чоң көл бар, бул жер аркылуу калмактар Лхасага (Тибеттин борбору-А.К.) каттайт» - деп жазышат аталган саякатчылар.

Каракорумдан түшүп, Йаркендди көздөй илгерилеген жолдо Шахидулла (айрым эмгектерде Сайдулла) деген чептүү конуш жайгашкан. Кээ бир саякатчылар аны Ладак менен Чыгыш Түркстандын чыныгы чеги деп аташып, такай кыргыздардын кайтаруусунда болгондугун жазышат (Караңыз: Danmore, Earl of The Pamirs., P. 224.).

Батыш изилдөөчүлөрү Каракорумдун Кытайга караган түндүк бетинин негизги тургундарынын бири кыргыздар болгондугун белгилешет. Келтирилген жер аттары айгинелегендей алар башка түрк тилдүү элдердин катарында Каракорумду ашып, Ладак аймагын өздөштүрө баштаган. Бирок, алардын миграциясы жергиликтүү элдердин катуу каршылыгына дуушар болгон өңдүү.

“Сөөк дарыясынын сол жээгинде эски чептин жана дубалдын чалдыбары сакталып калган, аны Ладактын раджасы эки кылым илгери түрктөрдүн басып киришин токтотуу үчүн тургузган экен” - деп жазат 1875-жылы Сер Дуглас Форсит (Караңыз: Confidential Report by Sir Douglas Forsyth. Political and Secret Letters from India, June-July, 1875, India Office Records. PT2. FF171-339, The British Library).

Деген менен кыргыздардын айрым топтору XIX кылымдын аягында Ладактын Нубра өрөөнүндө жашап жатышкандыгын Генри Ландсделл эскерет. Демек, кыргыздар Ладак аймагын өздөштүрүүдө Каракорумдун эки бетин байланыштырган соода жолунан четтеп, анын ичкери бөлүгүн көздөй өрдөгөндүгүн байкайбыз (Караңыз: Chinese Central Asia. A Ride to Little Tibet by Henry Lansdell – NY, 1893).

Каракорумду этектеп көчүп-конуп жүргөн кыргыздардын түбү Алай менен Сарыколдон деп белгилешет аларды жолуктурган Батыш саякатчылары. Биз бул чакан макалада Батыштын географ-саякатчыларынын, изилдөөчүлөрүнүн эмгектерине учкай гана токтолдук.

Андагы эскерилген жер аттары Садыбакас Өмүрзаков бир учурда айткан ойду – кыргыздардын Тибет багытында көчүп-конуп, Каракорумдун эки өңүрүн тең жердегендиги жөнүндөгү илимий жобону дагы бир жолу ырастайт.

Арслан Капай уулу Койчиев,

Тарых илимдеринин кандидаты, жазуучу

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG