Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:48

Кыргыз өкмөтү Лондон аркылуу алтын сатуунун амалын издейт


Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Британияга жасаган сапарынын алкагында Лондон металл биржасынын өкүлдөрү менен жолукканы маалым болду.

Кыргыз бийлиги Кумтөр кенин мамлекетке алгандан кийин өлкөнүн кен казуу тармагына чет элдик инвесторлорду чакыруу күн тартибинде турган маселелердин орчундуусу болуп калды. Бул жааттагы демилгелер жүзөгө ашабы, ал үчүн кандай жумуштарды жасоо зарыл?

29-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жолугушууда Кыргызстан Лондон металл биржасы менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин, бай түстүү металлдарын дүйнөгө, анын ичинде Лондон металл биржасы аркылуу сатууга мүмкүнчүлүк издеп жатканын белгиледи.

Лондон металл биржасынын Рынокту өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Робин Мартин ал жетектеген биржа дүйнөнүн башка мамлекеттери менен кызматташкандай эле Кыргызстан менен да иштешүүгө даяр экенин билдирди.

27-ноябрда Акылбек Жапаров “МАЙНЕКС – Евразия 2023” деп аталган тоо-кен тармагындагы 11-жыйынга катышкан. Ал Кыргызстандагы 15 миңден ашуун кендин 500гө жакынына дыкат геологиялык чалгындоо жасалганын билдирди.

Акылбек Жапаров Лондондогу "МАЙНЕКС - Евразия" тоо-кен конференциясында. 2023-жыл, 27-ноябрь.
Акылбек Жапаров Лондондогу "МАЙНЕКС - Евразия" тоо-кен конференциясында. 2023-жыл, 27-ноябрь.

Жапаров жакында Европа Биримдиги тоо-кен тармагындагы маанилүү делген 34 элементтин тизмесин бекиткенин, анын он жетиси стратегиялык деп табылганын, ошол тизмедеги он жети баалуу элементтин баары Кыргызстанда бар экенин айтты:

“Алсак, мамлекеттик баланста 1020 кендин кору жана пайдалуу казылмалардын 51 түрүнүн аянты бар, алардын катарында алтын, күмүш, жез, вольфрам, молибден, сейрек кездешүүчү металлдар, сурьма, калай, темир рудалары, коргошун жана башкалар бар. Өлкөбүздө тоо-кен тармагы динамикалуу жана ырааттуу өнүгүп баратат. Ал жалпы ички дүң өнүмдүн алты пайыздан ашыгын жана экспорттук кирешенин 41 пайыздан ашыгын түзөт. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында тармактын субъекттери тарабынан 492 млн долларлык пайдалуу казылма алынды".

Ошентсе да Жапаровдун Улуу Британияга барган чыныгы максаты тышка алтын сатуу экени маалым болду. Өз сөзүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстан өз акчасын баалуу кендерди иштетүүгө салууну каалаган инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүп берип жатканын айтты.

Ал үчүн тармакта ар кандай жеңилдиктер, пайдалуу режимдер ишке кирип, инвесторлорго шарттар түзүлүп, мыйзамдар жакшыртылып жатканын билдирди. Узак жылдар аралыгында өнөктөштөр менен талаш-тартыш жаралган учурлар да болбой койбогонун, бул багытта өткөн жылдын сентябрында Нью-Йоркто “Кумтөр” кени боюнча бардык керектүү документтерге кол коюлуп, “Центерра Голд” менен талаш толугу менен чечилгенин кошумчалады. Тоо-кен тармагынан жыл сайын 1 млрд доллардан ашуун киреше түшүп жатканын билдирди.

Жыйын соңунда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Британиянын “Чаарат Заав” компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Алтын сатуунун азыркы абалы

Кыргызстандын тоо-кен тармагынын азыркы таптагы негизги инвесторлору Британия, Түркия, Кытай, Орусия жана Казакстан.

Быйыл Кыргызстан сегиз айдын жыйынтыгы менен чет мамлекеттерге 8,7 тонна алтын экспорттоп, анын баасы 545 млн 170 миң долларды түздү. Бул 47,7 млрд сомго барабар. Улуттук статистика комитети өткөн айда тараткан маалыматта 8 айда Кыргызстан Швейцарияга 7,15 тонна алтын сатып, андан 448 млн доллар тапканын жазган.

Мындан тышкары өлкө Кытайдын Гонконгуна 983 кг алтынды 60 млн долларга саткан. Бириккен Араб Эмираттарына сегиз айда 582 кг алтын сатылып, түшкөн пайда 36,6 млн долларды түздү.

Зергерлер жана ишкерлер бирлигинин төрагасы Сталбек Акматов бийлик алтынды чет мамлекеттен сатып алуучуларды издөө менен катар ички рынокто да алтын сатуу базарын кызытса болмок деген пикирин ортого салды. Ал зергерлер жыл сайын бир тонна алтын, бир тонна күмүш сатып алууга даяр экенин, бирок бийлик тарабынан маселе ушул күнгө чейин чечилбей келгенин билдирди:

"Улуттук банк сатып жаткан алтындын баасы мына бүгүн дагы Лондондогу биржадагы баадан 17-20% кымбат турат. Зергерлер кыргыз алтынын биздин Улуттук банктан сатып ала тургандай кандайдыр бир механизмдер жок болуп жатат. Ошол механизмди ишке ашыралы деп Орусия, Түркия, Армения, Индия, Өзбекстан, Казакстандын тажрыйбаларын карап, бир нече сунуштарды бердик. Тилекке каршы, ал сунуштарыбыз Министрлер кабинетинин бөлмөлөрүндө эле калды. Аталган мамлекеттерде баалуу металдар рынокто эркин сатылат. Бизде азыр Кумтөр баштаган кендердин алтын-күмүшүн сатып ала албайбыз. Негизи, Кыргызстандын зергерлерине жылына бир тонна алтын, бир тонна күмүш керек".

Сталбек Акматов мамлекет тарабынан тармакка берилген салык жеңилдиктер аркасында быйыл былтыркыга караганда зергерчиликтин өндүрүш көлөмү 33 эсе өсүп, 2,2 млн сомдон 74 млн сомго жеткен.

Финансы министрлиги 2022-жылы Кумтөр кенинен 17 тонна 305 кг алтын өндүрүлүп, анын 17 тонна 284 кг сатылганын билдирген.

Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) 2021-жылы июнда Кыргызстанды Good delivery макамынан ажыратып, аны бир жылдан кийин - былтыр 3-майда кайра кайтарып берген.

Тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Дүйшөн Камчыбеков ортодон өлкө Good delivery макамынан ажырап калышы кыргыз алтынын тышка сатууга тоскоолдук жаратканын, эми Акылбек Жапаров Европадан антип алтын алуучуларды издеп жатканы мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин айтты:

"Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясынын сертификаты кепилдик болуп саналат. Бир учурда Орусиянын "Банк открытия" деген банкы сыяктуу компаниялар сатып алчу. Сертификаттан айрылып калгандан кийин Кумтөрдүн алтынын биздин өзүбүздүн Улуттук банк сатып алып турду. Кумтөрдүн өзүндөгү ишкананы иштетип, карьерде алтын кошулмасын алып, элге айлык берип жатат, бирок өндүрүш чыгымдарына, реагенттерге баары бир нак акча керек. Ошондуктан жакшы кардар чыкса, алтынды сыртка сатып турганыбыз оң. Англия өзү сатып алабы же бай компаниялары сатып алабы - айырмасы жок. Буга чейин дагы президенттин администрациясынын, "Кыргыз алтындын" кызматкерлери Лондонго барып, алтынды соодалоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Андыктан ушинтип алтынды сатып алуучуларды издеп туруу керек".

Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясынын бул макамы кайсы бир өлкөдө өндүрүлгөн алтын менен күмүштүн сапаты, салмагы ишеничтүү экенине кепилдик берет.

Улуттук банкта 31-июлга карата баасы 2,5 млрд доллардан ашкан 49,8 тонна алтын сакталып турганын банктын башкармалыгынын төрагасы Азат Козубеков 29-августта билдирген.

18-июлда болсо Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев жыл башынан бери Кыргызстан сыртка 3,97 тонна алтын сатканын маалымдаган. Ошол эле маалда Бөкөнтаев алтын сатып алуу боюнча башкы банк менен "Кумтөр" ишканасынын ортосунда атайын бир келишимдин жоктугун да кошумчалаган.

Былтыр ноябрда президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине Кумтөрдө өндүрүлгөн алтындын баары Улуттук банкта сакталып турганын айткан.

Анын алдында Улуттук банк Кумтөрдөн өндүрүлгөн 19 тонна алтынды 1 млрд доллардан ашык акчага сатканын, анын 700 млн доллары акчанын курсун кармап туруу максатында интервенцияга жумшалганын маалымдаган.

Былтыр августта “Азаттык” жүргүзгөн иликтөөсүндө Улуттук банк 2021-жылы өз резервинде сакталып турган чоң көлөмдөгү алтынды сатканын жазган.

Алтынды иштетүүнүн аргасы

Кумтөрдөн 2021-жылы 14,6 тонна, 2022-жылы 17,3 тонна алтын казылган. Быйыл кенден 14 тонна алтын алуу пландалган. 2021-жылы "Кумтөр голд" компаниясы 323 млн доллар таап, мамлекетке 13,6 млрд сом салык төккөн.

2022-жылы “Кумтөр” компаниясы 986,5 млн доллар киреше таап, 32,1 млрд сом салык берген. Быйыл кеминде 20-25 млрд сом түшөт деген божомол бар.

Былтыр 26-октябрда президент Садыр Жапаров чыгарган жарлыкка ылайык быйыл 1-майдан тартып Кыргызстандан алтындын кошулмаларын чет мамлекеттерге экспорттоого убактылуу тыюу салынмак.

Документте "Кара-Балта тоо-кен комбинатына" өзгөчө укук берилип, өндүрүлгөн руда менен концентраттарды ушул гана ишканада кайра иштетүү керектиги айтылган. Бирок жарлыктагы алтын аралашмаларын четке чыгаруу боюнча белгиленген жумуштар толук бүтпөгөндүктөн, анын мөөнөтү дагы узартылган.

Кумтөр кени 2022-жылдын 4-апрелинде канадалык "Центерра" компаниясы менен Кыргызстандын бийлигинин атайын келишиминен кийин расмий Бишкектин карамагына өткөн.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG