Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:05

5-сентябрь: Аскар Акаев Жогорку Кеңешке кат жазды, Газада 189 миң бала эмделди


Аскар Акаев.
Аскар Акаев.

5-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Аскар Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүүнү сурады

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Жогорку Кеңешке экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп кат жиберди. Бул маалыматты “Азаттыкка” парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова ырастады. Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган. Ал өлкөдөн качып кетип, ошондон бери Орусияда баш калкалап келет. Кыргызстан эгемендик алган 1991-жылдан бери өлкөнү беш президент башкарды. “Экс-президент” деген расмий макам алардын экөөндө гана – Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдо бар. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев “экс” макамынан 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн декреттери, Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин 2019-жыл, 27-июндагы токтому менен ажыратылган.

Диний чөйрөгө тиешелүү долбоор иштелип чыгат

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы сунуштаган “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорунун макулдашылган варианты иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет. Мындай чечим 5-сентябрда президент Садыр Жапаров катышкан кеңешмеде кабыл алынды. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Кыргызстанда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун сунуштаган. 37 беренеден турган документте коомдук жайларда жана мамлекеттик мекемелерде адамдын жүзүн тааныганга тоскоолдук кылган кийимдерди кийүүгө тыюу салуу сунушу да жазылган. Долбоор 30-августта коомдук талкууга коюлду. Бул долдоор коомдо кызуу талкууланып жатат.

11 журналисттин сотунда лингвист-эксперт суралды

5-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда 11 журналистинин иши боюнча соттук отурумда лингвист-эксперт Таалайбек Абдыкожоев сурак берди. Ал сотто суроолорго жооп берип жатып “Азамат Ишенбеков менен Махабат Тажибек кызынын гана видеолорунда массалык башаламандыкка чакырыктар бар” экенин айтты. Адвокат Улан Сейитбеков кийинки соттук отурум 12-сентябрда уланып, дагы бир лингвист-эксперт Азамат Жаныш уулун суракка алуу пландалып жатканын билдирди. 16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. Алардын төртөө тергөө абагында жатат. Калгандары эркиндикке чыккан.

Бишкекте скутер сүзгөн жөө жүргүнчү каза болду

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Бишкекте Чүй проспектисинен скутер сүзгөн эки адамдын бири каза болгонун билдирди. Милициянын маалыматына караганда, окуя 3-сентябрда болгон. Скутер айдап бараткан 32 жаштагы киши Чүй проспектисинен 29 жана 31 жаштагы эки адамды сүзүп, андан кийин Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышкан. Жыйынтыгында кырсыктан скутер сүзгөн 31 жаштагы адам каза таап, экинчи бейтап Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук бейтапканасына жаткырылган. Бул факты боюнча Бишкек шаардык милициясынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу, этиятсыздыктан өзгөчө оор зыян келтирүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Скутердин айдоочусу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Угандалык спортчу түгөйү өрттөп жибергенден кийин каза болду

Париж Олимпиадасынын катышуучусу, угандалык жөө күлүк, 33 жаштагы Ребекка Чептегеи түгөйү өрттөп жибергенден кийин алган жарааттардан улам каза болду. Бул тууралуу бир катар кабар агенттиктери жазышты. Маалыматка караганда, жекшемби, 1-сентябрда спортчуну ооруканага жеткиришкен, анын денесинин 80% күйгөн. Эртеси полиция Чептегеинин чогуу жашаган сүйлөшкөн жигити ага канистра менен бензин чачып өрт койгонун билдирген. Ал киши да күйүк менен ооруканага жаткырылды. Тартип коргоочулар ошол убакка чейин бул жуп өздөрү үйү турган жер тилкеси үчүн уруша кетишкенин маалымдашты.

ЮНИСЕФ Газада балдардын шал оорусуна каршы 189 миң жеткинчек эмделгенин билдирди

ЮНИСЕФ Газа тилкесинде балдардын шал оорусуна каршы 189 миң жеткинчек эмделгенин, бул көрсөткүч максат кылынган сандан ашканын маалымдады. Уюмдун 4-сентябрдагы билдирүүсүнө караганда, үстүбүздөгү аптада анклавдын борбордук бөлүгүндө 500 бригада он жашка чыга элек балдарды эмдөөдөн өткөрдү. ЮНИСЕФ Израиль жана АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу жараян маалында кыска мөөнөттүү тыныгууну сактап, ок атышпаганын белгиледи. БУУнун балдар агенттиги эми согуштан өзгөчө жабыркаган түндүк жана түштүк аймактарда вакцинация жүргүзүүгө, жалпы жонунан 640 миң баланы эмдөөгө үмүттөнөт. Өнөктүк Газада акыркы 25 жылда алгачкы жолу полиомиелитке чалдыккан учур аныкталгандан кийин башталган. Он айлык наристенин буту эми шал болуп калды.

Москва соту "Сахаровонун" үч кызматкерин эки айга камады

Москва соту "Сахарово" кармоочу жайдын үч кызматкерин эки айга камакка алды. Чет элдиктердин убактылуу кармоочу жайында иштеген Абдулгапиз Мустапаев, Рудик Текнежян жана Ольга Адакина кызмат абалынан пайдаланып, көз боёмочулук кылган деп айыпталууда. Бул тууралуу Москва сотторунун басма сөз кызматы маалымдады. "Сахароводо" отурган көптөгөн мигрант ал жерде кыйноолорго, ыдыкка туш болгонун айтып беришкен. Айрымдары аялдарды кордошорун, эркектерди сабашарын айтышкан. Башкалары борбордо отурган маалда банктагы акчасынан ажырап калганын баяндашкан.

Киев кайрадан чабуулдарга туш болду, бир нече дрон Беларуска учуп киргени кабарланды

Орус аскерлери бейшембиге караган түнү Украинага дрондор менен чабуул койду. Киевдин мэри Виталий Кличко жана шаардык аскердик администрациянын башчысы Сергей Попко эртең менен тургундарга башкалкалоочу жайлардан кетпей турууну эскерткен. Шаар бийлиги дрондордун бардыгы атып түшүрүлгөнүн, жабыркагандар жана кыйроолор болбогонун билдирди. Орусиянын куралдуу күчтөрү пилотсуз учактар Чернигов, Киев, Сумы облустарына багыт алганын маалымдашкан. Чабуулдун кесепети тууралуу кабарлана элек.

Ал арада Беларустун Коргоо министрлиги дрондор деп болжолдонгон жабдуулар чек араны бузганын, бардыгы жок кылынганын билдирди.

АКШ Орусияны кремлчил медиа аркылуу президенттик шайлоого таасир этүүгө аракеттенүүдө деп айыптады

АКШ Орусияны Кремлдин кол астындагы медиа аркылуу ноябрдагы президенттик шайлоого таасир этүүгө аракеттенүүдө деп айыптады. Вашингтон орусиялык медиа түзүмдөр муну менен шайлоочулардын америкалык шайлоо процессине болгон ишенимине доо кетирүүдө деп эсептейт. АКШнын Финансы министрлиги буга байланыштуу “Россия сегодня” медиа тобуна жана анын курамындагы РИА "Новости", RT, Ruptly жана Sputnik компанияларына санкция салды. Бул тууралуу мекеменин сайтындагы билдирүүдө айтылат. Чектөөлөр RTнин башкы редактору Маргарита Симоньянга, орун басарлары Елизавета Бродскаяга, Андрей Кияшкого жана Антон Анисимовго, санарип долбоорлордун менежери Константин Калашниковго жана медиа долбоорлор бөлүмүнүн кызматкери Елена Афанасьевага да салынды.

XS
SM
MD
LG