Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:56

2-сентябрь: Жол кырсыгынан 10 киши набыт болду, Казакстанда АЭС боюнча референдум өтөт


Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 51-чакырымында болгон кырсык.
Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 51-чакырымында болгон кырсык.

2-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Автокырсыктан 10 киши тапты

Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 51-чакырымында Токмокко жакын жерде болгон жол кырсыгынан 10 киши каза тапты. Жаракат алган дагы жети адам ооруканада жатат. Кырсык 1-сентябрда болуп, Subaru Outback, Mercedes-Benz, Toyota Camry, Toyota Voxy жана Mercedes-Benz Sprinter - жалпы беш автоунаа сүзүшкөн. Расмий маалыматка ылайык, кырсыкка катуу бараткан Subaru Outback машинасынын дөңгөлөгү жарылып кеткени себеп болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал батыштан чыгышты көздөй бара жатып алдыңкы сол дөңгөлөгү жарылып автоунаа каршы тилкеге чыгып, Mercedes-Benz Sprinter автоунаасын сүзгөн.

Дин тутуу эркиндиги жөнүндө мыйзамды өзгөртүү сунушталды

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргызстанда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун сунуштады. Документте коомдук жайларда жана мамлекеттик мекемелерде адамдын жүзүн тааныганга тоскоолдук кылган кийимдерди кийүүгө тыюу салуу сунушу жазылган. Андан тышкары диний негизде партияларды жана башка саясий бирикмелерди түзүүгө, каржылоого, диний сөздөрдү партиялардын аталышында же үгүт иштеринде колдонууга, депутаттарга диний ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салуу каралган. Диний мекемелерде саясий мүнөздөгү ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө болбойт. Ошондой эле диний адабияттарды жана башка материалдарды коомдук жайларда, үй, батирлерди кыдырып таратууга да тыюу салуу сунушталууда. Мыйзамды бузган адамдарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 60-65 миң сом айып салуу каралган.

Аялын бычак менен сайган деп кармалган адам камалды

Нарын шаарында аялын бычак менен сайып жиберген деп кармалган 42 жаштагы шектүү Нарын шаардык сотунун 1-сентябрдагы чечими менен убактылуу кармоочу жайга эки айга камалды. Милициянын маалыматы боюнча, шектүү 31-августта Нарын шаарындагы Он-Арча базарындагы ашканада ашпозчу болуп иштеген 41 жаштагы жубайын ашкананын ичинен өзү көтөрүп жүргөн маки (бүктөмө бычак) менен сайып жиберген. Укук коргоо кызматкерлери аны ошол эле күнү кармаган. Жабырлануучу Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Кийин социалдык тармактарда ашкананын видеокөзөмөл камерасына түшүп калган тасма тарады. Анда эркек киши аялды моюнга бир нече жолу бычак менен сайганын, сырттан келген эки адам аны ажыратып калганын көрүүгө болот.

Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталды

2-сентябрь Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталды. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл 150 миңдей бала 1-класска кирди. Ушул тапта өлкөдө 2 377 мектеп бар, анын ичинен 2 173ү мамлекеттик, 204ү жеке менчик мектептер. Анда баш-аягы 1 миллион 491 миң бала билим алат. Жалпы билим берүү уюмдарында окутуу беш - кыргыз, орус, өзбек, англис жана тажик тилдеринде жүргүзүлөт. 1 668 мектепте окутуу кыргыз тилинде, 274 мектепте орус тилинде, 18де өзбек тилинде болот. Үч билим берүү жайында окуучулар тажик тилинде окуса, беш мектепте англис тилинде сабак өтүлөт. Мындан тышкары окутуу 709 мектепте аралаш тилде, анын ичинен 548 мектепте кыргыз жана орус тилдеринде жүрөт.

Израилде өкмөткө каршы акция жана иш таштоо уланууда

Израилде ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) барымтада кармап тургандардын дагы алтоонун сөөгү табылгандан кийин жекшембиде тутанган нааразылык акциялары дүйшөмбүдө да уланууда. Жекшембинин кечинде Израилде жалпысынан жарым миллиондой киши көчөгө чыкканын, алардын 300 миңдейи Тел-Авивде, дагы 200 миңге жакыны башка шаарларда чогулганын акциянын уюштуруучуларына таянып Times of Israel жазды. Алар премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун кызматтан кетишин, барымтада кармалып тургандарды бошотуш үчүн ХАМАС менен «тез арада» мунаса табууну талап кылып жатышат. Полиция Тел-Авивде кеминде 30 киши, Иерусалимде дагы беш киши кармалганын маалымдады.

Иранда Раисинин өлүмүнүн себеби боюнча акыркы тыянак жарыяланды

Иранда быйыл жазында президент баштаган бир нече аткаминер кабылган учак кырсыгына "татаал климаттык жана атмосфералык шарт", анын ичинде коюу туман себеп болгон. Атайын комиссия кырсыктын себебин иликтегенден кийин ушундай «акыркы» тыянакка келгенин 1-сентябрда «Фарда» радиосу билдирди. Президенттик кызматты 2021-жылдын август айынан бери аркалап келген Эбрахим Раиси 64 жаш курагында каза болгон. Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Абдоллахиан жана башка бир нече киши бараткан тик учак быйыл 19-майда Ирандын Азербайжан менен чек арасында кырсыкка учурап каза болгону расмий кабарланган. Жаңы президентти шайлоо жараяны 5-июлда жыйынтыкталып, реформачыл көз карашты карманган 69 жаштагы Масуд Пезешкиан 30-июлда ант берип, расмий түрдө президенттик кызматка киришкен.

Өзбекстанда Эгемендик күнүнө карата 500дөн ашык кишиге ырайым кылынды

Ырайым кылынгандардын 19у чет элдик жаран, 56сы аял, 25и 60 жаштан жогорку курактагы эркек жана 233ү "жаш курактагылар", бири 18 жашка чыга элек жаран. Ырайым алгандардын 27си камакта тыюу салынган топторго тиешеси бар деген негизде отургандар болчу. Быйыл апрель айында Орозо айт майрамына карата Өзбекстанда абакта отурган 426 кишиге мунапыс жарыяланган.

Казакстанда АЭС боюнча референдум 6-октябрда өтөт

2-сентябрда казак парламентинин эки палатасынын кошмо жыйынында сүйлөп жатып өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев бул тууралыы жарыялады. "Күн өткөн сайын экономикабызга мол энергия зарыл болуп жатат. Мындай муктаждыкты атом энергетикасы жаба алат. Азыркы кезде өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан 30 өлкөдө жалпысынан 200гө жакын атомдук электр станциясы иштеп жатат", - деди Токаев. АЭС маселесине арналган жыйындар Казакстандын 20 чакты шаарында уюштурулду. Бийлик коомдук талкуу деп атаган мындай жыйындардан кийин маселени жалпы элдик референдумга алып чыгууга жол ачылары айтылган. АЭСке каршы пикирин билдирген, бийликтин мындай сунушун "путиндик жарнама" деп атаган активист кысымга кабылганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG