Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

Президент Кыргызстанда уран казууга уруксат берген мыйзамга кол койду


Садыр Жапаров. Архивдеги сүрөт.
Садыр Жапаров. Архивдеги сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 27-июнда кабарлады.

Муну менен өлкөдө уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө мыйзам күчүн жоготту деп табылды.

Документти Жогорку Кеңеш 13-июнда кабыл алган.

Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров январь айында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде баасы 300 млрд долларга чейин жеткен кен байлык бар экенин билдирген.

Бул окуялардан кийин бийлик Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган.

Расмий маалыматка ылайык, Тоң районундагы Кызыл-Омпол тоо-кен участогу 1951-жылы ачылган. Ачык маалыматтарда, СССРдин убагындагы чалгындоо иштеринде анда жалпысынан 13 миң тонна уран бар экени такталган. Геологдордун айтымында, Кызыл-Омполдо уран, торий, цирконий, титан, фосфор, талаа шпаты жана башка заттардын кени уюп жатат.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Кызыл-Омполдо болжол менен 14 млн 757 миң тонна кен бар. Анын ичинен 95% титаномагнетит, 3% фосфор, 2% цирконий, 0,22% торий жана 0,17% уран.

2019-жылдын декабрь айында өлкөдө уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Ошол эле жылдын жазында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундай эле акциялар Бишкекте да болгон.

Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясынын лицензиясын токтоткон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG