Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

“Эргүү” улуттук театр сыйлыгы тапшырылды


"Эргүү" сыйлыгын тапшыруу аземи.
"Эргүү" сыйлыгын тапшыруу аземи.

26-июнда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында “Эргүү” улуттук театр сыйлыгын тапшыруу аземи өттү.

Ага Министрлер кабинетинин төргасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданий өкүлдөр катышты.

Төмөнкүдөй номинациялар боюнча сыйлыктар ээсин тапты:

“Эң мыкты спектакль” - К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры койгон Султан Раевдин “Күн кармаган бала” спектакли.

“Эң мыкты режиссура” - Уланмырза Карыпбаев (С. Раевдин “Күн кармаган бала” спектакли үчүн).

“Аялзатынын ролун эң мыкты ойногону үчүн” - Айзада Сопуева (“Күн кармаган бала” спектаклиндеги Бүсайранын ролу үчүн).

“Эркектин ролун эң мыкты ойногону үчүн” - Арнис Кыдырмышев (“Кичинекей адамдын чоң трагедиясы” спектаклиндеги Караниет, Очумелов ж.б. ролдору үчүн).

«Экинчи пландагы аялзатынын ролун эң мыкты ойногону үчүн» - Света Абдыкадырова (“Ак кеме” спектаклиндеги Бекейдин ролу үчүн).

"Экинчи пландагы эркектин ролун эң мыкты ойногону үчүн" - Бакыт Жумалиев (“6-палата” спектаклиндеги Андрей Ефимычтин ролу үчүн).

«Эң мыкты дебют» - Рыскелди Тынарбек уулу (“Күн кармаган бала” спектаклиндеги баланын ролу үчүн).

«Эң мыкты сценография» - Садыр Ниязакунов (“Күн кармаган бала” спектакли үчүн)

«Эң мыкты музыкалык жасалга» - Галина Кетова, Евгений Прокопенко (“Превратности женщины” спектакли).

«Эң мыкты улуттук пьеса» - “Мекенимдин ташы” драмасы (автор Жаныш Кулмамбетов).

«Балдар үчүн коюлган эң мыкты спектакль» - “Падыша Салтан жөнүндө жомок” спектакли (М. Жангазиев атындагы кыргыз мамлекеттик куурчак театры).

«Эң мыкты чет өлкөлүк спектакль» - “Кулагер” спектакли (Казакстан мамлекеттик академиялык Г. Мүсүрөпов атындагы жаш көрүүчүлөр театры).

«Жаштар ойногон эң мыкты спектакль. Кенже эргүү” - “Эрте келген турналар” (Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын театралдык окуу жайынын спектакли).

Ошондой эле башка да сыйлыктар тапшырылды.

«Улуттук театр өнөрүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн» - Ольга Жигулёва, «Аймактык театр өнөрүнө кошкон зор салымы үчүн» - Шайырбүбү Супатаева, «Театр өнөрүнө арналган үзүрлүү эмгеги үчүн» - Минавар Алимова сыйланды.

Мындан тышкары, «Театр искусствосун массалык-маалымат каражаттарында эң мыкты чагылдыргандыгы үчүн» - ЭлТРдин журналисти Аида Шекенова сыйланды.

“Эргүү” сыйлыгы 2014-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлер союзу жана "Айтыш" коомдук фонду биргеликте тапшырып келет. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG