Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:08

Беларуста украин туусун жарыялаган дин кызматкеринин абак мөөнөтү узартылды


Анжей Юхневич. (солдо)
Анжей Юхневич. (солдо)

Беларуста Facebook баракчасына Украинанын мамлекеттик туусунун сүрөтүн жарыялаган чиркөө кызматкеринин абак мөөнөтү дагы узартылды. Бул тууралуу 22-июнда «Азаттыктын» беларус кызматы жазды.

Витебск облусунун Шумилино кыштагындагы рим-католик чиркөөсүнүн өкүлү Анжей Юхневич 22-июнда бошотулмак, бирок бөгөт чарасынын мөөнөтү узартылып, 2-июлга чейин камакта калтырылды.

Юхневич 8-майда кармалган. Алгач аны 15 суткага камашкан, ошондон бери абак мөөнөтү улам узартылууда.

2022-жылы февралда, Орусия Украинага каршы согуш ачканда ал Facebook баракчасына ак-кызыл-ак туунун жана Украинанын мамлекеттик туусунун сүрөтүн жарыялаган. Бул учүн ага «уруксатсыз пикетке чыккан» деген айып тагылган.

Ак-кызыл-ак түстөгү желекти Беларуста авторитардык башкаруучу Александр Лукашенконун бийлигине каршы көз караштагылар колдонуп келишет.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдагы шайлоодо 69 жаштагы Александр Лукашенко добуштардын 80% көбүнө ээ болгонун жарыялаган, бирок оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө башаламандык тутанып, анын баары күч менен басылган, миңдеген кишилер кармалган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.

Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди, активисттерди кармоо күчөгөн, алардын көбү абакта отурушат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG