Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

Бишкекте Сүймөнкул Чокморовдун жаңы эстелиги орнотулду


Бишкекте 22-июнда СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун жаңы эстелигинын ачылышы болду.

Белгилүү актердун айкели “Ала-Тоо” кинотеатрынын чыгыш тарабына орнотулду. Иш-чарага Чокморовдун жакындары, замандаштары, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун төрагасы Сагынбек Абдрахманов жана бир катар маданий ишмерлер катышты.

Эстелик Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонду тарабынан уюштурулган марафонго түшкөн акчанын эсебинен жасалып, 3 миллион 250 миң сом каражат жумшалган.

Сүймөнкул Чокморовдун эстелигинин ачылышы.
Сүймөнкул Чокморовдун эстелигинин ачылышы.

Айкелди скульптор Азамат Абдрахманов жасаган. Ал эми долбоордун жетекчиси - Жанышбек Жамурзаев, архитекторлору Нурсейит Мамбетказиев менен Марат Эшимбаев.

Сүймөнкул Чокморовдун алгачкы эстелиги буга чейин ушул эле Чүй жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине орнотулуп, анын ачылыш аземи мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган жетекчилердин катышуусунда 2017-жылы 9-ноябрда болгон. Айкелди скульптор Алмаз Кожогулов жасаган.

Бирок айкел Чокморовдун өзүнө окшошпой калганы социалдык тармактарда кызуу талкууланган. Коомчулукта ар кандай нааразы пикирлерден улам аны алмаштыруу чечими чыккан.

Сүймөнкул Чокморов 1992-жылы 53 жашында каза тапкан. Ал советтик кино өнөрүн көптөгөн чет мамлекеттерде тааныткан. 400дөй пейзаж, натюрморт, портрет тарткан. Чокморовдун кээ бир эмгектери Улуттук көркөм өнөр музейинде сакталып турат. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG