Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:53

Үч окуучу жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку - 234 упай алды


Бүтүрүүчүлөрдүн "Алтын сертификаты". Бишкек. 21-июнь, 2024-жыл.
Бүтүрүүчүлөрдүн "Алтын сертификаты". Бишкек. 21-июнь, 2024-жыл.

21-июнда Кыргызстанда орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү жана абитуриенттер тапшырган жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы белгилүү болду. Билим берүү жана илим министрлигинин сайтындагы маалыматта быйыл жалпы тестирлөөдө 56 окуучу эң жогорку упай топтоп, «Алтын сертификат» алганы кабарланды.

Эң жогорку - 234 упайды Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян Университетине караштуу орто мектептин бүтүрүүчүсү Аминат Гордаева, Бишкектеги №29 гимназиянын мурдагы бүтүрүчүсү Максат Оморов жана таластык окуучу Элнура Эркинбекова алды.

Быйылкы "Алтын сертификатка" жетишкен бүтүрүүчүлөрдүн көптүгү менен "Сапат" билим берүү мекемеси 1-орунга чыкты. Аталган мекеменин жер-жерлердеги 13 окуучусу "Алтын сертификатка" ээ болду. Андан кийинки орунда - Бишкектеги №61 автордук мектептин жети бүтүрүүчүсү жогорку жетишкендикти көрсөттү.

Жалпысынан Бишкек шаарынан – 34, Ош шаарынан жана Ош облусунан – 6, Чүй облусунан – 7, Нарын облусунан – 3, Баткен облусунан – 1, Талас облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 3 окуучу «Алтын сертификат» алат.

2023-жылы Кыргызстандагы 60 миң бүтүрүүчүнүн 50 миңи ЖРТга катышып, 30 миң улан-кыз босого баллдан өткөн. Эң жогорку упай 236 болгон. 54 окуучу «Алтын сертификат» алган.

2022-жылы ЖРТ сынагын 50 154 бүтүрүүчү тапшырган. Эң жогорку 235 упай болуп, "Алтын сертификатты" 57 окуучу алган.

2021- жылы эң жогорку көрсөткүч 232 упай болсо, 2020- жылы 229 упай болгон.

Жыл сайын 40 миңден ашуун бүтүрүүчү ЖРТга катышат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG