Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:28

Исхак Масалиев: Бийлик бардык саясий иштерге чекит коюшу керек


Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Исхак Масалиев Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 22 адамды актоо өкүмү тууралуу “Азаттыкка” комментарий берди. Ал соттун чечими акыйкат болгонун айтып, бийлик бардык саясий иштерге чекит коюшу керек экенин кошумчалады.

“Эртеби-кечпи ушундай чечим болушу керек эле. Коомчулукта ансыз деле көптөгөн жаман окуялар болуп жатат. Эми кезекте 11 журналисттин, Адахан Мадумаровдун иштери бар. Ушундай саясий иштердин баарын бүтүрүш керек. “А” дегенден кийин эми “б” деш керек да. Бүгүн акыйкат чечим чыгарып, эртең Мадумаровду калтырып койсо, 11 журналист камалып кетсе, туура эмес болот. Анткени бул иштердин баары тең окшош сценарий менен жасалган”, - деди ал.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков 14-июнда Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчы активисттердин баарын актады.

Кемпир-Абад иши боюнча башта 27 кишиге айып тагылып кармалган. Бүгүн алардын ичинен 22 кишиге актоо өкүмү чыкты.

Алар: Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Шаменов, Тимур Махмудов, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Нурлан Асанбеков, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев жана Мамбетжунус Абылов.

Райондук соттун өкүмүнөн кийин Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Шаменов, Тимур Махмудов эркиндикке чыкты.

Ал эми Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши буга чейин эле өзүнчө өндүрүшкө алынган. Ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун да иши жакында эле өзүнчө бөлүнгөн.

10-июндагы жараянда прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сураган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калып, башкалары түрдүү жагдайда эркиндикке чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өттү. Өкүм да жабык сотто окулду. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG