Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:24

Клара Сооронкулова соттун актоо чечими адилеттүү болгонун айтты


Кемпир-Абад иши боюнча акталгандар жана алардын адвокаттары. 14-июнь, 2024-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча акталгандар жана алардын адвокаттары. 14-июнь, 2024-жыл.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Кемпир-Абад иши боюнча соттун актоо чечими адилеттүү болгонун айтты. Бул тууралуу ал 14-июнда райондук соттун чечиминен кийин “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып билдирди. Андан тышкары “кемпирабадчылар” мамлекеттен кенемте алууга укуктуу экенин кошумчалады.

“Бизге мыйзамсыз иш козголуп ошондон жабыркадык. Ошонун баарына байланыштуу мамлекетке доо коюп, кенемте алганга укугубуз бар. Бирок соттун чечими азырынча күчүнө кире элек. Прокурорлор бизди 20 жылдан кесүүнү сурагандан кийин прокуратура кийинки инстанцияга арызданышы да мүмкүн”, - деди ал.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков 14-июнда Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган саясатчы активисттердин баарын актады.

Кемпир-Абад иши боюнча башта 27 кишиге айып тагылып кармалган. Бүгүн алардын ичинен 22 кишиге актоо өкүмү чыкты.

Алар: Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Шаменов, Тимур Махмудов, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Нурлан Асанбеков, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев жана Мамбетжунус Абылов.

Райондук соттун өкүмүнөн кийин Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Шаменов, Тимур Махмудов эркиндикке чыкты.

Ал эми Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши буга чейин эле өзүнчө өндүрүшкө алынган. Ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун да иши жакында эле өзүнчө бөлүнгөн.

10-июндагы жараянда прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сураган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калып, калгандары түрдүү жагдайда эркиндикке чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өттү. Өкүм да жабык сотто окулду. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG