Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:24

“Росатомдун” адиси Миң-Куштагы кырсык боюнча комментарий берди


Миң-Куш айылында сайга түшүп кеткен автоунаа. Сүрөт социалдык тармактардан алынды.
Миң-Куш айылында сайга түшүп кеткен автоунаа. Сүрөт социалдык тармактардан алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылында уран калдыктарын ташып баратып кырсыкка кабылган оор жүк ташыган автоунаа тууралуу кенен маалымат берип, айылдан тартылган 10 мүнөттүк видеону жарыялады.

Анда Орусиянын “Росатом” ишканасынын федералдык экология боюнча операторунун адис-эксперти Владимир Богатырев “HOWO” үлгүсүндөгү оор жүк ташыган машина сайга кулаганда ичинде уран калдыктары болгонун ырастап, кооптонууга негиз жок экенин айтты.

“Мына ушул жерде жүк ташуучу автоунаа кырсыкка учураган. Кырсыктын кесепеттерин жоюуда так инструкция менен иш алып бардык. Ассиметриялык айлананы курчоого алып, ассиметриялык текшерүүлөрдү кылып жаттык. Башка унааны чакыртып калдыктарды ага жүктөттүрдүк. Жыйынтыгында жүк ташуучу унаага салынган калдыктар “Дальнее” калдык сактоочу жайына жеткирилип эреже менен көмүлдү. Биз ташуу иштерин Кыргыз Республикасынын тиешелүү ведомстволору менен макулдашылган коопсуздук эрежелери менен ишке ашырабыз”, - деди ал.

Миң-Куш айылдык кеңешинин депутаты, “Росатом” ишканасынын радиациялык коопсуздук боюнча кызматкери Адил Максүтов да машина сайга кулаганда ичиндеги уран калдыктары сууга төгүлбөгөнүн айтып берген.

Миң-Куш айылында 1-июнда “Туюк-Суу” уран калдыгын сактоочу жайдан уран калдыктарын ташып иштеген “HOWO” үлгүсүндөгү оор жүк ташыган машина кырсыкка кабылып, сайга кулап түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) алгач автоунаа кырсыкка учураган маалда бош болгонун, кырсык болгон аймакта радиациянын көрсөткүчүн ченегенде кооптуулук жок деп чыкканын маалымдаган.

Kaktus.media порталы 9-июнда окуя болгон жерден тартылган видеону жарыялаган. Анда кырсыкка кабылган автоунаадан кандайдыр бир белгисиз затты оор техника башка машинага жүктөп жатканын көрүүгө болот.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Миң-Куш айылында көпүрөдөн сайга кулаган оор жүк ташыган автоунаа “ЭРН-Строй” ишканасынын автоунаасы экенин маалымдаган.

Бул окуяны ушул тапта комиссия иликтеп жатат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кырсык айдоочунун күнөөсүнөн улам болгонун жана Миң-Куш айылында радиациялык абал туруктуу экенин айтты.

Миң-Куш айылында “Туюк-Суудагы” уран калдыктарын “Дальнее” сактоо жайына ташуу иштери 2023-жылдын август айында башталган. Аны орусиялык “Росатом” ишканасы ишке ашырууда. ӨКМ рекультивациялык жумуштар жыл аягына чейин аяктай турганын кабарлады.

Министрлик “Туюк-Суу” калдык сактоочу жайынын айланасында жер көчкү жүрүү кооптуулугу бар экенин, эгерде жер көчкү жүрсө Туюк-Суу дарыясынын нугу жабылып, суунун деңгээли калдык сактоочу жайды жууп кетерин эскертти. Ал эми ууланган суу Көкөмерен дарыясынан Нарын дарыясына өтүп, андан соң Сыр дарыяга куюп, трансчекаралык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жаратышы мүмкүн экенин кошумчалады.

2013-жылы уран казып алуу өнөр жайында жабыр тарткан аймактарды рекультивация кылуу боюнча Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда келишим түзүлүп, бул программанын координатору жана ишке ашыруучусу болуп орусиялык “Росатом” мамлекеттик корпорациясы дайындалган.

Алар программанын алкагында өлкөдөгү “Кажы-Сай”, “Туюк-Суу”, “Миң-Куш” жана башка уран калдыктары сакталган жайлардан радиоактивдүү топуракты ташып, рекультивациялоо иштерин жүргүзө баштаган.

Миң-Куштагы уран калдыктарынын негизги бөлүгү айылдын үстүндө жайгашкан. Андагы уулуу зат айылды аралап өткөн жол аркылуу ташылат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG