Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:28

Акылбек Жапаров Миң-Кушта радиациялык абал туруктуу экенин айтты


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылында сайга кулаган оор жүк ташыган автоунаа тууралуу комментарий берди. Өкмөт башчы 13-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиевдин суроосуна жооп берип жатып кооптонууга негиз жок экенин, Миң-Куш айылында радиациялык абал туруктуу экенин айтты.

“Ал жакта айдоочудан күнөө кетип калган. Аймакта жашап жаткандарга да, ылдый жакта сугат ишин кылып жаткан дыйкандарга да коркунуч жок. Комиссия ишин жыйынтыктагандан кийин маалыматты беребиз”, - деди ал.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Медетбек Маметов 11-июнда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожонун суроосуна жооп берип жатып Миң-Куш айылында сайга кулаган оор жүк ташыган автоунаада уран калдыктары болгонун ырастаган.

Акылбек Жапаров ал туура эмес маалымат бергенин айтты.

Миң-Куш айылында 1-июнда “Туюк-Суу” уран калдыгын сактоочу жайдан уран калдыктарын ташып иштеген “HOWO” үлгүсүндөгү оор жүк ташыган машина кырсыкка кабылып, сайга кулап түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) автоунаа кырсыкка учураган маалда бош болгонун, кырсык болгон аймакта радиациянын көрсөткүчүн ченегенде кооптуулук жок деп чыкканын маалымдаган.

Kaktus.media порталы 9-июнда окуя болгон жерден тартылган видеону жарыялаган. Анда кырсыкка кабылган автоунаадан кандайдыр бир белгисиз затты оор техника башка машинага жүктөп жатканын көрүүгө болот.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Миң-Куш айылында көпүрөдөн сайга кулаган оор жүк ташыган автоунаа “ЭРН-Строй” ишканасынын автоунаасы экенин маалымдаган.

Ушул тапта Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык техникалык, көзөмөл кызматы, Кыргызстандын тоо-кен металлургия профсоюзу, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин радиациялык коопсуздук бөлүмүнүн өкүлдөрү кирген комиссия кырсыкты иликтеп жатат.

Миң-Куш айылында “Туюк-Суудагы” уран калдыктарын “Дальнее” сактоо жайына ташуу иштери 2023-жылдын август айында башталган. Аны орусиялык “Росатом” ишканасы ишке ашырууда.

Буга чейин Миң-Кушта айрым жергиликтүү тургундар уран калдыктарын рекультивациялоого каршы чыгып келген.

2013-жылы уран казып алуу өнөр жайында жабыр тарткан аймактарды рекультивация кылуу боюнча Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда келишим түзүлүп, бул программанын координатору жана ишке ашыруучусу болуп орусиялык “Росатом” мамлекеттик корпорациясы дайындалган.

Алар программанын алкагында өлкөдөгү “Кажы-Сай”, “Туюк-Суу”, “Миң-Куш” жана башка уран калдыктары сакталган жайлардан радиоактивдүү топуракты ташып, рекультивациялоо иштерин жүргүзө баштаган.

Миң-Куштагы уран калдыктарынын негизги бөлүгү айылдын үстүндө жайгашкан. Андагы уулуу зат айылды аралап өткөн жол аркылуу ташылат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG