Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:29

Репрессия курмандыктарын актоо долбоору 2-окуудан өттү


“Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги 1937-1938-жылдары болгон сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган эстелик.
“Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги 1937-1938-жылдары болгон сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган эстелик.

12-июнда Жогорку Кеңеш советтик репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Документ 1918-1953-жылдары саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынгандарды реабилитация кылуу үчүн жазылган.

Долбоордо 1918-1924-жылдардагы “кызыл террор” жана 1929-1953-жылдардагы сталиндик репрессия мезгилиндеги окуяларды түшүнүүгө жана аларга саясий баа берүүгө убакыт келгени жазылган. Бирок бул жылдар аралыгында саясий жана диний ишеними үчүн, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынган, өлтүрүлгөн миңдеген адамдар ушул күнгө чейин толук акталып, реабилитация боло электиги белгиленген.

Документтин авторлорунун бири, депутат Жанар Акаев мыйзам долбоору советтик репрессиянын курмандыктарын сот аркылуу актоого мүмкүнчүлүк берерин айтты.

1937-38-жылдары күч алган репрессияда Кыргызстандан 20 миңден 40 миңге чейин адам өлүм жазасына тартылганы ар кандай булактарда айтылат.

Ошол кездеги коомдук ишмерлер Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган интеллигенциянын 137 өкүлүнө да “эл душманы” деген айып коюлуп, 1938-жылы 5-8-ноябрь күндөрү атууга кеткен. Бирок алардын кайсы жерге көмүлгөнү ондогон жылдар бою белгисиз болуп келди. Алардын сөөгү көмүлгөн жер 50 жылдан ашык убакыттан кийин гана дайын болгон.

Сталиндик репрессия маалында жалпы СССР калкынын 1,7 миллиону камалып, алардын миллионго жакыны атууга кеткен. Советтер Союзунун курамындагы 11 республиканын жашоочулары өз жеринен зордоп көчүрүлүп, ушундай эле кысымга 48 улуттун өкүлү жарым-жартылай кабылган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG