Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:25

Кыргызстанда журналисттерге ыйгарылчу “Мейкин” сыйлыгы уюштурулду


Кыргызстандык журналисттер.
Кыргызстандык журналисттер.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков президент Садыр Жапаров Кыргызстанда медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сый акысын уюштуруу жөнүндө жарлыкка кол койгонун билдирди.

Жарлыктын негизги максаты - журналистика жаатындагы чыгармачылыкты колдоо жана кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу, журналисттердин илим, билим берүү, медицина, маданият, спорт, экономика, экология, туризм, айыл чарбасы, өнөр жайы жана башка чөйрөлөрдөгү чыгармачылык активдүүлүгүнө дем берүү экенин жазды.

Сыйлыктын байге фонду 10 миллион сомдон ашат. Он номинациянын ар бирине 1 миллион сомдон сый акы каралган.

Ага ылайык, 10 номинация боюнча “Бир эл – бир түндүк”, “Керемет Кыргызстан”, “Салык – өнүгүүгө салым”, “Таза мекен”, “Билим – келечек”, “Куттуу элет”, “Мекен жана мен”, “Мекендештер”, “Кыргызстанда чыгарылган (Made in KG) жана “Сергек жашоо” деген темалар тандалып алынган.

Жобонун негизинде жакын арада комиссия түзүлөрү, калыстар тобунун көпчүлүгү көз карандысыз медиа эксперттерден тандалары айтылды. 1 миллион сом сый акыны быйыл 7-ноябрда президенттин катышуусунда тапшыруу күтүлүүдө.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму дүйнөдөгү 2023-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасында Кыргызстанда жарандык коомго, сөз эркиндигине басым күчөгөнүн билдирген. Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга дуушар болгонун белгилеген.

Кыргызстанда быйыл январь айында “Temirov Live” жана “Айт, айт десе” долбоорунун азыркы жана мурдагы 11 журналисти кармалган. Алардын ичинен жети журналист эркиндикке чыгып, төртөө тергөө абагында жатат.

Бишкектин Октябрь райондук соту 9-февралда Кыргызстандагы көз карандысыз “Клооп” порталын жапкан.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG