Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:23

Маметов Миң-Кушта сайга кулаган машина уран калдыгын ташып баратканын айтты


Миң-Куш айылында сайга түшүп кеткен автоунаа. Сүрөт социалдык тармактардан алынды.
Миң-Куш айылында сайга түшүп кеткен автоунаа. Сүрөт социалдык тармактардан алынды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Медетбек Маметов Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылында сайга кулаган оор жүк ташыган автоунаада уран калдыктары болгонун ырастады.

Бул тууралуу ал 11-июнда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожонун суроосуна жооп берип жатып айтты.

Мирлан Самыйкожо: Миң-Кушта кулаган Камаз боюнча кабардарсызбы?

Медетбек Маметов: Ооба, кабардарбыз.

Мирлан Самыйкожо: Анын ичинде эмне бар?

Медетбек Маметов: Уран калдыктары бар.

Мирлан Самыйкожо: Уран калдыктары уюлдук телефонго да келип атат. Ал сууга кулап атпайбы. Ушунун негизинде мунун Орто Азияга да кедергиси тийип калбайбы?

Медетбек Маметов: Ал окуя 1-июнда болгон. Экологиялык техникалык, көзөмөл кызматы комиссия түзүп иштеп жатат. Азырынча жыйынтыгы чыга элек. 15 күн убакыт алышкан. 10 күн болуп калды. Ушул жуманын аягына чейин жыйынтыгын чыгарып маалымат берем.

Комиссиянын курамына Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык техникалык, көзөмөл кызматы, Кыргызстандын тоо-кен металлургия профсоюзу, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин радиациялык коопсуздук бөлүмүнүн өкүлдөрү кирген.

Миң-Куш айылында 1-июнда “Туюк-Суу” уран калдыгын сактоочу жайдан уран калдыктарын ташып иштеген “HOWO” үлгүсүндөгү оор жүк ташыган машина кырсыкка кабылып, сайга кулап түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) автоунаа кырсыкка учураган маалда бош болгонун, кырсык болгон аймакта радиациянын көрсөткүчүн ченегенде кооптуулук жок деп чыкканын маалымдаган.

Kaktus.media порталы 9-июнда окуя болгон жерден тартылган видеону жарыялаган. Анда кырсыкка кабылган автоунаадан кандайдыр бир белгисиз затты оор техника башка машинага жүктөп жатканын көрүүгө болот.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Миң-Куш айылында көпүрөдөн сайга кулаган оор жүк ташыган автоунаа “ЭРН-Строй” ишканасынын автоунаасы экенин маалымдаган.

Миң-Куш айылында “Туюк-Суудагы” уран калдыктарын “Дальнее” сактоо жайына ташуу иштери 2023-жылдын август айында башталган. Аны орусиялык “Росатом” ишканасы ишке ашырууда.

Буга чейин Миң-Кушта айрым жергиликтүү тургундар уран калдыктарын рекультивациялоого каршы чыгып келген.

2013-жылы уран казып алуу өнөр жайында жабыр тарткан аймактарды рекультивация кылуу боюнча Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда келишим түзүлүп, бул программанын координатору жана ишке ашыруучусу болуп орусиялык “Росатом” мамлекеттик корпорациясы дайындалган.

Алар программанын алкагында өлкөдөгү “Кажы-Сай”, “Туюк-Суу”, “Миң-Куш” жана башка уран калдыктары сакталган жайлардан радиоактивдүү топуракты ташып, рекультивациялоо иштерин жүргүзө баштаган.

Миң-Куштагы уран калдыктарынын негизги бөлүгү айылдын үстүндө жайгашкан. Андагы уулуу зат айылды аралап өткөн жол аркылуу ташылат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG