Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:24

“Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча донордук комитет түзүлдү


Вена шаарында өткөн эл аралык энергетикалык инвестициялык форумдун катышуучулары.
Вена шаарында өткөн эл аралык энергетикалык инвестициялык форумдун катышуучулары.

Министрлер кабинети 10-июнда Австриянын борбору Вена шаарында эл аралык энергетикалык инвестициялык форум “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясын (ГЭС) куруу боюнча Координациялык донордук комитет түзүү менен аяктаганын билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, ага биринчилерден болуп Дүйнөлүк банк, Эл аралык өнүктүрүү фонду (ОПЕК), Азия өнүктүрүү банкы, Азия инфраструктуралык инвестиция банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана башка финансылык институттар жана уюмдар кирди. Түзүлгөн донордук комитеттин биринчи сессиясын ушул жылдын күзүндө өткөрүү чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын Энергетика министрликтеринин ортосундагы “Камбар-Ата-1” ГЭС долбоору боюнча кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Венада өткөн эл аралык энергетикалык инвестициялык форумда “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясын (ГЭС) курууга 4 млрд доллардан ашык каражат кетерин айтып, ГЭСтин Кыргызстанга жана Борбор Азия өлкөлөрүнө пайдасы тууралуу маалымат берди.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Компания “Камбар-Ата-1” ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт. Буга чейин айрым депутаттар менен энергетиктер үлүштөрдүн пайызы боюнча тынчсыздануусун билдиришкен.

ГЭСти куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала эсеп боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG