Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:24

Ысык-Көл: эки адам массалык баш аламандык уюштурууга шектелип кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ысык-Көл облусунда WhatsApp аркылуу жергиликтүү фермерлерди массалык баш аламандык уюштурууга чакырып, жолдорду тосуп, сүт ташыган автоунаанын айдоочуларын барымтага алууга аракет кылган деген шек менен эки адам (M.Б.A. жана M.Б.A.) кармалганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, тергөөдө алар 1000ден ашык катышуучусу бар WhatsApp тайпа аркылуу облустун аймагында коомдук тартипти бузган, деструктивдүү аракеттерге чакырган аудио билдирүүлөрдү таратышканы такталган. Буга сүттүн баасынын арзандыгы себеп болгон.

Соттук лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, О.Ж.А. жана M.Б.A. тараткан аудиолордо массалык баш аламандыктарды уюштурууга чакырык белгиси бар деп аныкталган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

УКМК жарандарды коомдук тартипти бузбоого жана социалдык тармактарда тараган чагымчыл маалыматтарга алданбоого чакырды.

Кармалгандар менен алардын жакындары комментарий бере элек.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев баштаган депутаттар тобу “Сүттүн сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндө” мыйзам долбоорун бир жыл мурда иштеп чыгып, 2023-жылдын 13-апрелинде коомдук талкууга чыгарган. Былтыр 29-июнда парламент аны үч окуудан колдоп берген.

Ошол эле жылдын сентябрында мыйзам долбооруна президент Садыр Жапаров каршы пикирин билдирип, артка кайтарган. Кийин мыйзам долбоордун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу топ түзүлгөнү да кабарланган. Жарым жылдан кийин депутаттардын демилгеси мыйзам катары эмес, токтом катары парламентке келген.

14-мартта кабыл алынган токтом долбоорунда чийки сүттүн бир литринин баасы “40 сомдон кем болбосун” деп бекитилген.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев эгерде чийки сүттүн баасына 40 сомдук төмөнкү чек коюлса, анда кайра иштетилген сүттүн баасы 11%, каймактын баасы 50% чейин кымбаттап кетерин айтып, өкмөт чийки сүттүн баасына 40 сомдук чек коё албай турганын билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG