Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:06

Иран ооган качкындарына көзөмөлдү күчөтөт


Ирандан чыгарылган оогандык качкындар. Герат, 15-июнь 2023-жыл
Ирандан чыгарылган оогандык качкындар. Герат, 15-июнь 2023-жыл

Иран өткөн жылы 1,3 миллион чет өлкөлүк киши депортацияланганын билдирди. Ички иштер министри Ахмад Вахиди 8-майдагы пресс-конференцияда чет элдик жарандарды тескөө үчүн мыйзамдарды өзгөртүү, чек арада текшерүүнү күчөтүү, “уруксат берилбеген” мигранттардын келишин алдын алуу керектигин айтты.

Укук коргоо уюмдары Иранды адилет иммиграциялык саясат жүргүзүүгө чакырып келет.

Ислам жумуриятынын расмий адамдары адатта “уруксат берилбеген” жарандар деп оогандык качкындарды аташат. Кабар агенттиктери Вахиди “Талибан” режиминен качкандарды артка кайтаруу аракети уланарын кыйытты деп чечмелешет.

БУУнун Качкындар агенттигинин маалыматында, Иранда 3,4 миллион чет өлкөлүк бозгун жүрөт, эң көбү Ооганстандан ооп келгендер. Агенттик былтыр качкындарга кам көрүү үчүн Иранга 114 миллион доллар жардам бөлгөн. 2023-жылдын жарымына карай Тегеран 26 миллионун алды. Быйыл 110 миллион доллар берилери пландалууда.

Ооган качкындарынын маселеси 2021-жылы талибдер бийликке кайтып келгенден бери курчуду.

Иран өкмөтүнүн болжолдуу маалыматына ылайык, өлкөдө мыйзамсыз жүргөн оогандыктардын саны 500 миңден 1,2 миллионго чейин болушу мүмкүн.

Өткөн жылы Пакистан мыйзамсыз мигранттарды чыгаруу кампаниясын жүргузгөн. Ал жакта да оогандар үстөмдүк кылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG