Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:28

8-май: Бийлик алтын тууралуу видеого жооп берди, Мадумаров шаардык сотко арызданды


Алтын куймалары боюнча социалдык тармактарда тараган видеодон алынган сүрөт.
Алтын куймалары боюнча социалдык тармактарда тараган видеодон алынган сүрөт.

8-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Министрлер кабинетинин төрага орун басары алтын жөнүндө видеого комментарий берди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбуктагы постунда видеону тараткан иликтөөчү журналист Болот Темировго байланыштуу комментарий берип, тасманы “фейк” деп атады. Байсалов алтын видеодон көрүнүп турган ыкмалар менен ташылбай турганын, ар бир куймага эн белги, уникалдуу номерлер басылган соң гана чет жакка чыгарыларын билдирди. Ал бул аракетти “жалаа” деп баалады. Видеого байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет да билдирүү таратты.

7-майдын кечинде чет жакта жүргөн активист Асхат Осмонов атайын кутуларга салынган алтын куймаларга окшош зат тартылган эки видео жарыялаган. Тасмада кыргызча-орусча сүйлөп жаткан киши алтынды чет жактан тосуп алып, кайсы бир адамга отчёт берип жатканы баяндалган.

Орусияга Кыргызстандан мажбурлап чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров ушул эле видеонун негизинде учкай баян жасап, “алтын куймалар Ысык-Көл аэропортунан Кипрге чыгарылып кеткен болушу мүмкүн” деп билдирген.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары биргелешкен билдирүү таратты

Кыргызстандын Баткен облусу боюнча жана Тажикстандын Согд облусу боюнча чек ара өкүлчүлүктөрү 8-майда биргелешкен билдирүү таратты.

Анда шаршемби күнү эки облустун күч жана укук коргоо түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, Кыргызстандын Лейлек, Тажикстандын Жаббор Расулов районунун жетекчилери жолугушканы айтылат.

Чек ара кызматы кабарлагандай, жолугушууда чектеш аймактагы чатактардын себептери, чек арада мал жайып жүргөн тургундардын жүрүм-туруму талкууланып, жаңжалдардын алдын алуу маселелери сүйлөшүлдү.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы 7-майда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок атуучу курал колдонулган окуя болгонун маалымдаган.

Мадумаров Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берди

Саясатчы Адахан Мадумаровго карата Биринчи май райондук соту чыгарган сот чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берилди. Сот аны каттап, кабыл алганы тууралуу маалымат 8-майда Мадумаровдун Телеграм- каналына жарыяланды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Мадумаровдун Жогорку Кеңештин депутаты ыйгарым укуктарын токтоткон чечимине каршы арыз Бишкектин Административдик сотунда 20-майда карала турган болду.

Борбордук шайлоо комиссиясы 26-апрелде сот чечимин негиз кылып, Адахан Мадумаровду мандатынан ажыраткан.

Жети ай Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жаткан Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү боштондукка чыккан. 26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин абакта жаткан.

БШК Бекмурза Эргешов боюнча кийинки соттук инстанцияга кайрылбайт

Борбордук шайлоо комиссиясы №7 бир мандаттуу Ош шайлоо округундагы депутаттык шайлоодо жеңген Бекмурза Эргешов боюнча кийинки соттук инстанцияга арыз менен кайрылбайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” 8-майда БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

28-апрелде бир мандаттуу Баткен, Ош жана Кара-Суу округдарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өткөн. 26-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы Бекмурза Эргешовду “административдик ресурсту колдонгон”, ал эми дагы бир талапкер Максатбек Маматкуловду “каржылык талаптарды бузган” деген жүйө менен анын каттоосун жокко чыгарган.

27-апрелде Бишкектин административдик соту БШКнын Эргешовду шайлоодон четтетүү боюнча чечимин мыйзамсыз деп таап, Маматкуловдун арызын канааттандырган эмес.

"Кемпир-Абад иши" боюнча отурум келерки аптага жылды

"Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталуучулардын бири ооруп жаткандыктан 8-майдагы отурум уланбай, ишти кароо 14-майга жылдырылды. Бул тууралуу иш каралып жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Мунун алдында аталган иштин алкагында айыпталып жаткандар Кыйноолорго каршы борборго, укук коргоочуларга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылып, 8-майдагы соттук отурумдун алдында айыпталуучулардын бири Кеңешбек Дүйшөбаевге кысым көрсөтүлгөнүн билдиришкен.

Кремль Киевдин соңку айыптоосун четке какты

Кремлдин басма сөз катчысы "президент Владимир Зеленскийди өлтүрүү кутуму" тууралуу украин атайын кызматынын 7-майдагы билдирүүсүн комментарийлөөдөн баш тартты. Рейтер агенттигинин жазганына караганда, Дмитрий Песков жөн гана "бул айыптоо - анык эмес маалымат" деп койду.

Украин чалгынчылары Зеленскийдин көзүн тазалоо кутумунун бетин ачышканын, ага Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) аралашканын билдиришкен. Коопсуздук кызматы беш агентти аныкташканын, Украинанын Мамлекеттик күзөт башкармалыгынын эки полковниги колго түшүрүлгөнүн маалымдаган.

Маалыматка ылайык, алар Путиндин инаугурациясына "белек" катары Зеленскийди, Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Василий Малюкту, Башкы чалгын башкармалыгынын башчысы Кирилл Будановду да жок кылууну пландашкан, көзөмөлдү Москвадан жүргүзүп турушкан, кармалган эки украин жараны Орусияга купуя маалыматтарды берип турушкан.

Медиа: АКШ Израилге бомба жөнөтүүнү убактылуу токтотту

АКШ өткөн аптада Израилди бомба менен камсыздоону убактылуу токтотту. The New York Times жана Associated Press жазганына караганда, курал Рафах шаарына каршы операцияда колдонулушу мүмкүн деп, 3,5 миңдей бомба берилген жок. Маалымат каражаттары маектешкен булактар билдиргендей, Вашингтон мындан ары курал-жарак, анын ичинен каршы тараптын объектилерин аныктаган комплекстерди жөнөтүүнү токтото турууну караштырууда.

7-майда Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Египет менен чек арадагы “Рафах” өткөөлүн көзөмөлгө алганын, жер операциясынын жүрүшүндө 20 хамасчы өлтүрүлгөнүн билдирген.

Берлинде Георгий тасмасына чектөө киргизилди

Берлинде 8-9-май күндөрү Орусиянын желектерин, Георгий тасмаларын, Москванын Украинага каршы согушун даңазалаган символдорду калың эл алдына алып чыгууга, советтик эстеликтердин жанында согуш ырларын аткарууга тыюу салынды. Бул тууралуу полициянын көрсөтмөсүнө шилтеме берип, Deutsche Welle кабарлады.

Мындай чектөө Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлерине, дипломаттарга жана чет мамлекеттердин башка өкүлдөрүнө тиешеси жок.

Орусиянын Германиядагы элчилиги башкалаа бийлигинин чечимин кабыл алынгыс деп атап, аны жокко чыгарууга үндөдү.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG