Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:54

МАГАТЭ башчысы Иранга барды


Рафаэл Гросси.
Рафаэл Гросси.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэл Гросси бүгүн 6-майда үч күндүк расмий сапар менен Иранга барды. Ал Исфахан шаарында өтө турган өзөктүк физика жана технологиялар боюнча алгачкы эл аралык конференцияга катышат жана Ирандын ядролук программасына байланыштуу бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Гросси Иранга Жакынкы Чыгыш аймагында абал курчуп, Тегерандын дарегине инспекция жүргүзүүдө кызматташпай жатканы тууралуу жана башка чечилбеген маселелер боюнча айыптоолор айтылып жаткан чакта барды. Ал Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир-Абдоллахиян жана атомдук энергия мекемесинин башчысы Мохаммад Эслами менен жолугат.

Өткөн айда Deutsche Welle радиосуна курган маегинде Гросси Иран атомдук бомба жасоого зарыл көлөмдөгү байытылган уранга жетишерине аз калганын, Тегерандын өзөктүк технологиялар «медициналык жана жарандык максаттар үчүн керек» деп айтканы кошумча суроолорду жаратып жатканын айткан.

Ирандын атомдук энергия мекемесинин башчысы Мохаммад Эслами Тегеран тынч атом технологияларын башка өлкөлөр менен да бөлүшүүгө даяр экенин, быйыл күзүндө «Карун» атомдук электр станциясынын курулушунун негизги этабы башталарын билдирген.

Ирандын дүйнөдөгү ири алты держава (Кытай, Орусия, Улуу Британия, Франция, АКШ + Германия) менен өзөктүк сүйлөшүүлөрү 2005-жылы башталган. 2015-жылы ортодо түзүлгөн келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектейт, ага жооп катары АКШ Тегерандан экономикалык санкциялардын көбүн алып салмак. Документтен Кошмо Штаттар 2018-жылы чыгып кеткен, аны кайра калыбына келтирүү аракетинен жыйынтык чыга элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG