Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:51

Баткен менен Исфаранын акимдери чек арадагы чарба иштерин талкуулашты


Баткенде гүлдөп турган өрүк дарагы.
Баткенде гүлдөп турган өрүк дарагы.

Кыргызстандын Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев менен Тажикстандын Исфара районунун акими Баховаддин Баходурзода жетектеген делегация чарбалык маселелерди сүйлөшүштү.

Баткен облустук администрациясынан 6-майда кабарлашкандай, жолугушуу Чоң-Талаа жана Ляккон айылдары чектешкен жерде болду. Анда макулдашылбаган аймактарда курулуш иштерин болтурбоо, сугат маселелери талкууланды. Жыйынга эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү да катышты.

Тараптар эки сааттай сүйлөшүп, эл арасында чагымга алдырбоо үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, туруктуулукту сактоого көңүл бурууну да макулдашышты.

Кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкелериндеги жаңжалдар күчөп отуруп, эки мамлекет ортосунда 2021-жылы жана 2022-жылы куралдуу кагылышка жеткен. Эки тараптан бир канча киши набыт кеткен окуялар үчүн Бишкек менен Дүйшөмбү ал үчүн бири-бирин айыптаган.

Жаңжалдардан кийин эки тарап чек араны тактоо иштерин, эл арасында ынтымакты сактоого чакырган жолугушууларды жанданткан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдан ашат. Расмий акыркы маалыматтарга ылайык, 50-55-чакырымдай такталбаган тилке калды. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG