Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:08

Рамиз Алиев Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалды


Рамиз Алиев
Рамиз Алиев

Рамиз Алиев Бишкектин мэринин орун басары болуп дайындалды. Буйрукка калаа башчысы Айбек Жунушалиев кол койгону 6-майда расмий кабарланды. Анын дагы бир буйругу менен мурдагы орун басары Жыргалбек Шамыралиев өз ырызы менен кызматтан бошотулду.

Рамиз Алиев буга чейин "Тазалык" ишканасын башкарган. Ал мекеменин ишмердиги тууралуу социалдык түйүндөрдөгү кайрылуулары, видеолору менен коомчулукка таанылган.

Көбүнчө тамак-аш калдыктарын туура эмес жерлерге таштагандарды, автоунаанын терезесинен ыргыткандарды видеого тартып элге жарыялаганы менен белгилүү боло баштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG