Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Кыргызстанда күйүүчү май жыл башынан бери 2-3 сомго кымбаттады


Кыргызстандагы күйүүчү май саткан жер. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы күйүүчү май саткан жер. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын рыногунда күйүүчү майдын дээрлик көпчүлүк түрү жыл башынан бери 2-3 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин керектөө товарларынын орточо бааларынын күнүмдүк мониторингинде белгилүү болду.

Анда көрүнүп тургандай, бензиндин А-95 үлгүсүнүн орточо баасы январда 70 сом болсо, апрелде 71-72 сом болду. Айрым жерлерде баа 75 сомго чейин чыккан.

Бензиндин А-92 үлгүсү 61-62 сомдон 64-65 сомго көтөрүлсө, А-80 үлгүсү мурдагыдай 58-59 сомдун тегерегинде кармалууда.

Дизель отунунун наркы жыл башынан бери 69-70 сомдон 72-73 сомго чейин кымбаттады. Айрым шаарларда баалар мындан да жогору болушу мүмкүн.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов “Азаттыкка” берген түшүндүрмөсүндө, мунун себебин соңку үч-төрт айдан бери Орусиядагы күйүүчү-майлоочу май саткан заводдордогу дүң баалар өсүп жатканы менен түшүндүрдү. Ал орус жергесиндеги мунайзаттарын иштеткен заводдорго чабуулдар жасалып, өрттөнгөндүктөн жана айрымдарында пландуу оңдоо иштери жүргөндүктөн рынокто тартыштык орун алганын билдирет. Эшатов билдиргендей, Орусиянын бул багыттагы 20 ишканасынын 12си толук кандуу иштебей жатат.

Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу май рыногундагы кырдаал коронавирус пандемиясы башталган соң олку-солку абалга кептелген. Ошол маалдагы чек аралардын жабыктыгы жана логистиканын бузулушу товарды ташып келүүнү татаалдаштырган. Кийин орус аскерлери Украинага басып кирген соң Орусиянын өзүндө күйүүчү майлардын баалары өсүп, ал Кыргызстандын рыногуна да таасир эткен.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда күйүүчү майга болгон жылдык керектөө 1 млн 300 миң тоннадан 1 млн 500 миң тоннага чейин жетет. Аталган көлөмдүн дээрлик 90-95% Орусиядан сатып алынат.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясына жалпы он чакты компания мүчө. Алардын ичинде "Газпромнефть-Азия", "Бишкек петролеум", "Роснефть", “Партнёр Нефть” сыяктуу компаниялар негизги импортерлор болуп саналат. Өлкөдө ассоциацияга кирбеген ушул багыттагы дагы бир нече ишкана өз алдынча иш алып барат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG