Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Базар-Коргондо жер көчкү жүрүп, бир үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлдү


ӨКМ тарткан сүрөт.
ӨКМ тарткан сүрөт.

Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагына караштуу Чкалов айылында 6-майда жер көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, аталган аймакта 7000 куб жер көчкү түшкөнү аныкталып, 1 турак жайга кооптуулук жаралган. Үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлдү.

Мындан сырткары көчкү түшкөн аймактын айланасында 250 метр узундукта 20-25 см жаракалар бар экени аныкталып, кооптуу жайытта мал багууга, эгин экпөөгө (жерди айдообого) тоют жыйнабоо боюнча жергиликтүү бийликке эскертүү берилди.

Базар-Коргон району боюнча 98 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт, анын тогузу ушул айылдын тургундары.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 6-майга караган түнү саат 02:35 чамасында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө да нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Базар-Коргон – Арстанбап жолунун 14-чакырымында колоттордон сел суулары түшүп, жол каттамын кыйындаткан.

Апрелдин акыркы аптасында нөшөрдөн улам Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын аймактарында миңден ашык үйдү суу басып, бир катар автоунаа жолдору жабылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG