Кыргызгидромет 5-майга караган түнү Нарын облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоолуу райондорунда жаан-чачын боло турганын кабарлады. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарындын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көлдүн айрым жерлеринде жамгыр жаайт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан жел согуп турат, айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27,
Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5...10, күндүз 17...22,
Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз 3...8°.
Бишкек шаарында түштөн кийин жамгыр жаайт. Түнкүсүн 11…13, күндүз 24…26°.
Facebook шеринеси