Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:14

Британ тышкы иштер министри Кэмерон президент Жапаров менен үч маселени талкуулайт


Дэвид Кэмерон
Дэвид Кэмерон

Улуу Британия Борбор Азия чөлкөмү менен кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга аракет жасайт. Бул тууралуу ушул аптада чөлкөмдөгү беш өлкөнү жана Монголияны кыдырганы келаткан британ тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон билдирди.

"Биз беймаалым, атаандаштык күч дүйнөдө жашап жатабыз - эгерде сиз британдардын кызыкчылыгын жактагыңыз келсе, анда аренага чыгып, атаандашууга туура келет", - деген Кэмерон климаттын өзгөрүүсүнүн кооптуулугу, кургакчылык сыяктуу чөлкөмдүн өлкөлөрү кабылган көйгөйлөрдү атап, мындай глобалдык чакырыктарга бир дагы өлкө жалгыз туруштук бере албасын белгилейт.

Британ башкы дипломаты Борбор Азия менен алака үч багытта өнүгүшү зарыл деп эсептейт.

Биринчи багыт – дүйнөлүк тартип. Ар бир өлкөнүн эгемендиги жана аймактык бүтүндүгү Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) принциптерине ылайык корголушу керектигин белгилеген министр коррупцияга каршы күрөштүн, коопсуздук жаатындагы кызматташтыктын маанилүүлүгүн, Борбор Азия санкциядан кыйгап өтүү үчүн "көмүскө жолго" айланбашы керектигин айтты.

Соода жана инвестиция экинчи негизги багыт экенин белгилеген министр Британия чөлкөмдө энергетикалык натыйжалуу экономиканы калыптандыруу үчүн инвестиция жана технология жагынан жардам бере аларын кошумчалады. Бул сапарында ал чакан жана орто ишканалар үчүн түз инвестиция жана венчурдук капитал боюнча борборазиялык алгачкы фонд түзөрүн билдирип, Бишкекте жалпы аймакты тейлей турган Concrete Canvas компаниясы ачылып жатканын ийгиликтүү мисал катары келтирди.

Үчүнчү багыт - билим берүү тармагы. Кэмерон Chevening программасы Борбор Азия үчүн каржылоосун эки эсе көбөйтүп жатканын, British Council, Pearson жана Cambridge Education компаниялары англис тилин үйрөтүү стандарттарын көтөрүп, маанилүүлүгүн арттырып жатканына токтолду. Аялдардын жана кыздардын билим алуусуна да өзүнчө көңүл буруларын кошумчалады.

«Мына ушул үч маселени президент Садыр Жапаров жана Кыргызстандын өкмөтү менен талкуулоону чыдамсыздык менен күтүп жатам. Бишкекке келип, бул өлкөнүн жаратылышын көрүп, бүгүнкү Кыргызстан тууралуу маалымат алууга өтө ынтызармын. Биздин алдыбызда өтө чоң мүмкүнчүлүктөр ачылууда, аларды чогуу пайдаланышыбыз зарыл», - деди Кэмерон.

Былтыр 28-29-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган делегация Лондонго барып, отуздан ашык иш-чарага катышкан. Кыргыз делегациясы Дэвид Кэмерон, британ парламентинин депутаттары жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолуккан.

Британ өкмөтү 2024-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнүн жетекчилери менен С5+1 форматында саммит өткөрүү тууралуу планын былтыр декабрда жарыяланган. Даунинг-стритке даярдалган докладдын авторлору британ өкмөтүн Борбор Азия чөлкөмүндө Орусия менен Кытайдын таасирине атаандаш боло албай жатканы үчүн сындаган.

Былтыр С5+1 форматындагы бир нече саммит өттү. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Франциянын президенти Эммануэл Макрон чөлкөмгө келип кеткен.

Токио чөлкөмдүн өлкөлөрүн Чоң жетинин "маанилүү өнөктөштөрү" деп атап, 2024-жылы "Борбор Азия + Жапония" диалог саммити өткөрүлөрүн тышкы иштер министри Ёко Камикава былтыр ноябрда айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG