Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:54

Тажикстан түрк жарандарына виза режимин киргизгени кабарланды


Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү 15-апрелде "Азаттыктын" тажик кызматына билдиргендей, виза режими быйыл 20-апрелден тарта күчүнө кирет.

Түркиянын жарандары мындан ары Тажикстанга сапар аларда элчиликтен же консулдуктан виза алууга тийиш экени айтылат.

5-апрелде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Тажикстандын жарандары үчүн визасыз режимди жоюу боюнча жарлыкка кол койгон. Анда "Тажикстандын сыртка чыкканга паспорту бар жарандарынын Түркияга визасыз кирүү режимин жокко чыгаруу чечими кабыл алынды" деп айтылат.

Анкара менен Дүйшөмбү виза режимин киргизүү себептерин азырынча айта элек.

Түрк басылмалары Анкаранын мындай чечими Москва облусундагы "Крокус Сити Холл" борборуна кол салууга шек саналып кармалгандардын тажикистандык экени жана алардын экөө Түркиядан учуп барганы себеп болгонун жазышууда. Жыл башында Стамбулда беткапчан эки адам таат окулуп жаткан маалда католиктердин чиркөөсүнө кол салган. Түрк бийлиги алардын бирөө тажикстандык, экинчиси орусиялык экенин билдирген.

22-мартта "Крокус Сити Холлдогу" кол салууда 140тан ашуун адам набыт болгон.

Тажикстан менен Түркиянын ортосунда визасыз режим 2018-жылы киргизилген. Тажик жарандары Түркияда 90 күнгө чейин визасыз жүрө алышчу.

Тажикстан менен Түркияны "Түрк аба жолдору" жана "Somon Air" авиакомпаниялары түз авиакаттамдар менен байланыштырат. Апта ичинде Тажикстандан Стамбулга алты учак каттайт. Түркия Орусия менен Казакстандан кийин тажикстандыктар эң көп эмгектенген үчүнчү өлкө болуп эсептелет. Расмий эмес маалыматтар боюнча, Түркияда жети миңге жакын тажикстандык иштейт.

Ал эми Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 350 миллион доллардан ашкан. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG