Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:33

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыгарылууда


Оштогу шайлоо. 4-октябрь, 2020-жыл.
Оштогу шайлоо. 4-октябрь, 2020-жыл.

Баштапкы маалымат боюнча шайлоочулардын 45% ашыгы добуш берүүгө катышты. Брифингде электрондук-автоматтык эсептин баштапкы жыйынтыктары көрсөтүлүп жатат. Эсептер улам өзгөрүүдө.

Ага ылайык:

«Биримдик» - 24,85%;

«Мекеним Кыргызстан» - 24,33%;

«Кыргызстан» - 8,91%;

«Бүтүн Кыргызстан» - 7,22%;

«Мекенчил» - 6,95%;

«Республика» - 5,93%;

«Ата Мекен» - 4,1%;

«Ыйман Нуру» - 3,42%;

«Бир Бол» - 3,08%;

«Чоң Казат» - 2,37%;

«Замандаш» - 2,19%;

«Социал-демократтар» - 2,15%;

«Реформа» - 1,65%;

Мекен Ынтымагы - 0,64%;

«Ордо» - 0,18%;

Ооган согушунун ардагерлеринин партиясы 0,18%;

Баарына каршы добуш бергендер 1,82% түздү.

Шайлоодо өлкө боюнча 2 430, чет мамлекеттерде 45 добушкана иштеди. Алдын ала эсеп боюнча шайлоого үч миллион 523 554 шайлоочунун 1,5 миллиондойу катышты. Шайлоого катышкандардын саны боюнча Ош шаары алдыда. Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарында да активдүүлүк байкалды. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) алдын ала жыйынтык 22.00дө белгилүү болорун кабарлады.

XS
SM
MD
LG