Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:28

Кыргыз тарап тажик жаранына ок атылганы боюнча маалыматты жокко чыгарды


Баткен, Максат айылы. Иллюстрациялык сүрөт.
Баткен, Максат айылы. Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Тажикстандын Исфара районунун басма сөз катчысы Икбол Тешаевдин социалдык тармактарга жарыялаган маалыматын четке какты.

Тешаев 29-декабрда «Фейсбуктагы» баракчасына Баткендин Көк-Таш айылында кыргыз жараны аң уулоочу курал менен Тажикстандын жаранына ок чыгарганын, кыргыз тарап чагымчылдык кылып жатканын жазды.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова бул маалымат чындыкка дал келбесин айтып, Тешаевдин билдирүүсүн четке какты.

- Алдын ала такталган маалыматтарга ылайык, бул окуя Тажикстандын аймагында катталган жана тажик жарандарынын ортосунда турмуш тиричиликке байланышкан үй-бүлөлүк чыр экени белгилүү болду. Бул окуяга кыргыз жарандарынын тиешеси жок, - деди Бердикулова.

18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында чек арада чыккан жаңжалдан кыргыз тараптан баш-аягы алты адам жараат алган. Анын ичинде Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички аскеринин бир кызматкерине жана Баткендин Самаркандек айылдык кеңешинин депутатына ок тийген. Андан тышкары дагы үч милиция кызматкери жана бир жайкын тургун ар кандай жарааттары менен ооруканага түшкөн. Тажикстандын укук коргоо органдары бул окуяда үч тажик жараны жабыркаганын билдирген.

Окуядан кийин Кыргызстандын Баткен облусунун жетекчиси Акрам Мадумаров менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода Көк-Таш айылында жолугушкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG