Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:03

«Талибандын» чабуулунан 17 ооган күч кызматкери өлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстандын Тахар провинциясында 29-декабрда «Талибан» кыймылынын кол салуусунан жергиликтүү 17 күч кызматкери каза болду. Талибдердин өкүлү Забихулла Муджахид бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.

28-декабрда талибдер Гилменд провинциясындагы аскер базасына чабуул коюп, Ооганстандын 10 аскери өлгөн.

«Талибан» кыймылынын согушкерлери Ооганстандын жана АКШнын күчтөрүнө дээрлик күн сайын кол салууларды уюштуруп жатат. 23-декабрда эле Ооганстанда АКШнын бир аскери ажал тапкан. Бул өлкөдө 18 жылдан бери токтобой жаткан согушта АКШ 2400дөн ашык аскерин жоготту.

Ушул тушта Ооганстанда Вашингтон жетекчилик кылган НАТОнун 20 миңдей аскери бар жана алардын 12-14 миңдейин америкалыктар түзөт. (BTo)

XS
SM
MD
LG