Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:30

Мирзиёев оппозиция тууралуу пикирин биринчи жолу айтты


Президент Шавкат Мирзиёев парламенттик шайлоодо добуш берүүдө. 22-декабрь, 2019-жыл.
Президент Шавкат Мирзиёев парламенттик шайлоодо добуш берүүдө. 22-декабрь, 2019-жыл.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден бери саясаттагы оппозиция тууралуу биринчи жолу оюн билдирип, сырттан келчү оппозицияга жол бербей турганын айтты. «Азаттыктын» өзбек кызматы Gazeta.uz сайтына шилтеме берип жазгандай, ал бул тууралуу 27-декабрда жаштар менен жолуккан учурда билдирди.

- Интернетте «оппозиция кандай пайда алып келди?» деген талкуу жүрүп жатат. Мен президент катары оппозицияга каршы эмесмин. Бирок элдин маселесин билген, ушул жердин суусун ичип, нанын жеген оппозициянын бизде пайда болушуна шарт түзүшүбүз керек, - деди Мирзиёев.

Өзбекстанда бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден бери 22-декабрда алгачкы парламенттик шайлоо өттү. Парламенттеги орундар үчүн мыйзам чыгаруу органында отурган беш партия ат салышты. Бешөө тең Мирзиёевди колдошот.

Өзбекстандын БШКнын төрагасы Мирзо-Улукбек Абдусаломов шайлоодо оппозициялык партиялардын ролу жетишсиз экенин белгилеген. Шайлоого байкоо салган Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм (ЕККУ) Өзбекстанда шайлоо салыштырмалуу эркин өткөнү менен оппозициянын орду бош калганын билдирген.

Өзбек Сенатынын төрагасынын орун басары Садык Сафаев буга чейин жасалма оппозициянын пайдасы жок экенин, реалдуу оппозициялык маанайдагы партиялар пайда болушу керектигин айткан.

XS
SM
MD
LG