Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

Киев менен жикчилдер туткундарды алмашып жатат


Алмашылган туткундар. 29-декабрь, 2019-жыл.
Алмашылган туткундар. 29-декабрь, 2019-жыл.

Киев менен өздөрүн «Донецк жана Луганск элдик республикалары» («ДНР» жана «ЛНР») деп атап алган жикчилдер 29-декабрда туткундарды алмашып жатышат.

«Азаттыктын» орус кызматы жазгандай, Украинанын чыгышындагы жикчилдер Киевге 55 кишини берип, 87 тарапташын өткөрүп алат. Киев менен жикчилдер акыркы жолу мындан туура эки жыл мурун туткун алмашкан.

Орусия менен Украинанын президенттери ушул айдын башында Парижде «Норманд төрттүгү» форматындагы саммиттин алкагында жолукканда ушул жылдын аягына чейин бири-бириндеги туткундардын баарын өткөрүп берүү тууралуу бир пикирге келишкен.

Киев менен Москва алгачкы жолу ушул жылдын сентябрь айында туткун алмашкан. Эки өлкө бири-бирине 35тен адамды өткөрүп берген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул туткун алмашуу ишинин алгачкы гана этабы экенин айтып, Орусияда, анын ичинде Крымда абактарда отурган жарандарынын баарын алып келүүгө убада берген.

Украинанын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү (омбудсмен) Людмила Денисова Орусиянын абактарында учурда 113 украин жараны отурганын, алардын басымдуу бөлүгү Крым татарлары экенин билдирген. Москва болсо Украинада канча жараны кармалып турганын тактаган эмес.

XS
SM
MD
LG