Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:39

Казакстанда учак кырсыгында каза болгондор жерге берилди


Генерал-майор Рустем Кайдаров менен коштошуу. 29-декабрь, 2019-жыл.
Генерал-майор Рустем Кайдаров менен коштошуу. 29-декабрь, 2019-жыл.

Казакстандын Нур-Султан жана Алматы шаарларында авиакырсыктан каза болгондор жерге берилди. Алматыда кырсыкта көз жумган юстициянын генерал-майору Рустем Кайдаров менен коштошуу зыйнаты болду. Informburo.kz порталынын редактору Дана Круглова Нур-Султанда акыркы сапарга узатылды.

27-декабрда таңга маал Алматы шаарынын жанына кулаган учактын ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Казак бийлиги кырсыктан кеминде 12 адам каза таап, 40тан ашык киши жаракат алганын кабарлады.

Алматы аэропортунун маалыматы боюнча, 27-декабрда Нур-Султан шаарына жол тарткан «Bek Air» компаниясына таандык учак таңкы саат 7ден 5 мүнөт өткөндө учуп чыгып, бир аз убакыттан соң радардан көрүнбөй калган.

Казакстандын Ички иштер министрлиги кырсык боюнча экспертизалар дайындалып, «Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын жарыялады. Кырсыкты иликтөө иштерине Эл аралык авиация комитетинин өкүлдөрү катышат. (BTo)

XS
SM
MD
LG