30-декабрдан тартып Ош шаардык милициясы күчөтүлгөн тартипте иштей баштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык Жаңы жыл майрамында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы, ИИМдин «Шумкар» атайын отрядынын, ички коопсуздук аскер кызматынын аскерлери коомдук коопсуздукту сактоо үчүн кызматка тартылат.
Шаар бир нече аймактарга бөлүнүп, жооптуу кызматкерлер дайындалып, милицияга элдик кошуундар жардам беришет.
Күчөтүлгөн тартип 2020-жылдын 2-январына чейин уланат. (MdN)