Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Жээнбеков: Эң күчтүү жарандык коому бар мамлекетке айландык


"Ата-Бейит" мемориалы.
"Ата-Бейит" мемориалы.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде ата-бабаларга жана комплекске коюлган мекендештерге арнап куран окуп, эстеликтерге гүлчамбар койду. Ал Кыргызстан элине кайрылып, өлкөдө өз тарыхын сыйлаган татыктуу коом өсүп келе жатканын, Кыргызстан эң күчтүү жарандык коому бар мамлекетке айланганын белгиледи.

“Тарыхты терең түшүнүү жана анын сабактарын эске алуу менен гана Кыргызстан келечекте өнүгүүнүн багыттарын туура аныктайт. Болочок муун үчүн бекем негиз түзөт. Азыркы дүйнөдө өзүнүн татыктуу ордун ээлей алат. Биз ар бир улуттун тарыхын жана маданиятын окуп-үйрөнүүгө, жайылтууга болгон умтулуусун урматтайбыз жана колдойбуз. Ошол эле учурда ар бир кыргызстандык өзүнүн диний ишенимин жана улутун унутпай, эӊ оболу өзүн Кыргызстандын жараны экендигин аӊдап түшүнүп, аны менен сыймыктана тургандай шарт түзүү зарыл”, - деп жазылган президенттин кайрылуусунда.

7-8-ноябрь "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү" катары былтыр белгилене баштаган. Буга байланыштуу жарлыкка 2017-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Буга чейин 7-ноябрь Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү катары белгиленип келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG