Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Район аралык сот БШКнын Текебаев боюнча чечимин күчүндө калтырды


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Бишкектин район аралык соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин юристтеринин Боршайком боюнча арызын канааттандыруудан баш тартты.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна юрист Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы 10-августта Текебаевге кыргыз тилинен тест тапшыруусуна шарт түзүп берүүдөн баш тарткан болчу. “Ата Мекен” партиясынын юристтери БШКнын бул чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен район аралык сотко кайрылышкан.

Орусиялык жарандан 1 млн доллар пара алды деген шек менен УКМКда камалып жаткан Текебаевдин соттук иши Биринчи Май райондук сотунда каралууда. Мамлекеттик айыптоочу аны 10 жылга эркинен ажыратууну суранган. Ал быйыл өтө турган президенттик шайлоого талапкер болуу үчүн БШКга арыз берген.Талапкер болуп катталуу үчүн кыргыз тилинен тест тапшырып, 30 миңден кем эмес кол топтоп, 1 млн сом күрөө коюушу зарыл.

Таалайгүл Токтакунова эми Жогорку Сотко кайрыларын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG