Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

Дааратканадан табылган ымыркайдын абалы жакшыра баштады


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкекте энеси дааратканага таштап кеткен ымыркай кыздын абалы канааттандырарлык болуп калды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Бишкек милициясынын маалыматына караганда, окуя дүйшөмбү күнү Арча-Бешик жаңы конушунда болгон. Ымыркай кызды дааратканадан кошуналар алып чыгып, доктурларга оор абалда өткөрүп беришкен. Ал азыр №3 балдар ооруканасынын реанимациясында жатат. Салмагы 3,4 кг.

Кыздын энеси изделүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG