Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылында жер көчкү акырындык менен жылып 16 үйдү басып калды. Жашоочулар коопсуз жактарга көчүрүлгөн, көчкүдөн киши өмүрүнө зыян келген жок. Кооптуу аймакта дагы 61 турак жай бар. Андан тышкары мектеп, бала бакча, ФАП жана мечитке да коркунуч жаралды. Шор-Суу аттуу сайды көчкү бөгөп, ал жерде суу топтолууда.
27-апрелде он беш үйдүн жашоочулары айылдын жогору жагындагы “Жолборс-Үнкүр” участкасына тигилген чатырларга жайгаштырылды. Кечээ кошумча чатырлар тигилип, 45 үй-бүлө көчүрүлдү. Чатырлардын бирине фельдшердик-акушердик пункт жайгашты.
Ош облусунун Өзгөн районунда жер көчкү жүргөн аймактарда өкмөт тарабынан 118 чатыр тигилди. (NT)