Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:33

Талиптер жазгы чабуул башталарын билдирүүдө


ооган өкмөттүк жоокери
ооган өкмөттүк жоокери

28-апрелде Ооганстандагы "Талибан" жоочулары жазгы чабуулдарын баштаганын, АКШ жетектеген коалиция менен ооган коопсуздук күчтөрүнө сокку урарын билдирди.

Талиптердин өкүлү Забихулла Мужахид электрондук катында АКШнын февралда чыккан ооган өкмөтү өлкөнүн 52% гана көзөмөлдөйт деген отчетун мисалга алып, азыр талиптер өлкөнүн жарымынан көбүнө ээлик кыларын айтат.

Быйылкы чабуул "Мансури операциясы" деп аталып, өткөн жылы АКШ тарабынан жок кылынган лидери үчүн өч алуу экени маалымдалат.

"Мансури операциясы мурдагылардан айырмаланат. Кош багыттуу саясий жана аскердик ыкма менен жүргүзүлөт", - дейт Мужахид. Ошондой эле "Талибан" басып алган райондорунда мекемелерди түзөрүн белгилейт.

Бирок мурда алар Ооганстанды башкарып турганда киргизилген эрежелер, анын ичинде эл алдында өлүм жазасына тартуу, уурулардын колун кесүү кайра киргизилер киргизилбесин ачыктаган жок.

21-апрелде Мазари-Шарифте ооган аскерлери жума намаздан кайтып келатканда "Талибан" ок жаадырган. Андан мерт болгон аскерлер 140тан ашканы кабарланууда.

Ушу тапта АКШ президенти Дональд Трамп Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын жарыялары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG