Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:50

Жээнбеков Камсыздандыруу уюмунун ишин сынга алды


Сооронбай Жээнбеков өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, кесепеттерин жоюу жана мүлктү камсыздандыруу боюнча жыйын өткөрдү
Сооронбай Жээнбеков өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, кесепеттерин жоюу жана мүлктү камсыздандыруу боюнча жыйын өткөрдү

Кыргызстандын Мамлекеттик камсыздандыруу уюму (МКУ) табигый кырсыктардын кесепетин жоюу, жабыркагандарга жардам берүү жана алардын мүлкүн калыбына келтирүүдө республикалык бюджетке түшкөн оорчулукту азайтуу милдетин толук аткарбай жатат. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-апрелде, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, кесепеттерин жоюу жана мүлктү камсыздандырууну өнүктүрүү боюнча жыйында аталган уюмдун ишин сынга алып, ушундай баасын берди.

Аймактарда тургундар иш жүзүндө мамлекеттик камсыздандыруу шарттары жөнүндө эч нерсе билбей турганын, маалыматтык кампания алсыз болуп жатканын белгилеген өкмөт башчы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге иш алып баруу да начар экендигин кошумчалады.

Сооронбай Жээнбековдун айтымында, "бир жарым жыл аралыгында МКУ турак жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча болгону 4 638 келишим түзгөн".

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жетекчиси Бакыт Жумашевдин белгилешинче, бүгүнкү күндө аймактарда 7 филиал иштеп жатат. Алар бир нече коммерциялык банк менен агенттик келишимдерди түзгөн. Быйыл 1-кварталда камсыздандырылган 3 жарандын төлөмү кайтарылганын, ал сумма 133 006 сомду түзгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG