Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:50

Жаш балдарды коюп кеткен айдоочу эки айга камакка алынды


Ленин райондук соту 22-апрелде эки окуучуну коюп кеткен айдоочу Мирлан Ажибековду №1 тергөө абагына эки айга камоо боюнча чечим чыгарды.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдагандай, учурда кырсыкты иликтөө-тергөө иштерин Ленин райондук милициясы жүрүзүүдө. 29 жаштагы Мирлан Ажибеков 21-апрелде Бишкекте эки окуучу баланы коюп кеткен деп шектелүүдө.

21-апрелде Бишкекте №74 мектептин 3-классынын эки окуучусун "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү унаа коюп кетип, балдар оор абалда ооруканага жеткирилген. Алар жөө адамдар өтүүчү тилкеден өтүп баратып, кырсыкка кабылышкан. Унаанын айдоочусу качып кетип, кечке жуук кармалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG