Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:08

"Чоң жети" Хан-Шейхун чабуулун иликтөө жыйынтыгын күтүшөт


Борис Жонсон
Борис Жонсон

Италияда жыйынга чогулган "Чоң жетинин" тышкы иштер министрлери Сириянын Хан-Шейхун шаарындагы чабуулду атайын иликтөөнү макулдашты. Бул тууралуу Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон билдирди.

- Биз химиялык куралга байланыштуу БУУнун Коопсуздук Кеңешинде резолюцияны алдыга жылдырууну макулдаштык. Биз ошондой эле Химиялык куралга тыюу салган уюмдун эмне болгонун так аныктаган иликтөөсүнүн жыйынтыгын көргүбүз келет, - деген Жонсон ошондон кийин гана химиялык курал колдонгондорго каршы санкция салууга далилдер алынарын айтат.

4-апрелде Хан-Шейхундагы химиялык деп мүнөздөлгөн чабуул 90го жакын адамды өлтүргөн. Батыш буга Сирия өкмөтүн, аларга көмөк көрсөтөт деп Орусияны айыптоодо. Дамаск менен Москва айыптоолорду четке кагып, уулуу газ Сирия өкмөтү куралдуу оппозициянын кампасын бомбалаганда чыккан деп айтышкан. Бул Батышты ынандырган эмес. 6-апрелде АКШ президент Асаддын аскер аба базасынын бирин ракеталар менен аткылаган.

Орус президенти Владимир Путин 11-апрелде бул окуяны БУУнун Гаагадагы тиешелүү өкүлчүлүгү иликтеши керектигин билдирди.

XS
SM
MD
LG