Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Стокгольмдогу кол салуунун курмандыктары өсүүдө


Швециянын полициясы баш калаа Стокгольмдо жүк ташуучу унаа дүкөн имаратына сүзүп кирип, андан кеминде үч адам мерт болгонун ырастады. SVT улуттук телеканалы курмандыктардын саны кеминде беш адамды түзгөнүн кабарлады. 7-апрелде түш оой орун алган бул окуядан канча адам жараат алганы так айтыла элек.

Полицияга шаарда ок атылды деген маалыматтар келип түштү. Премьер-министр Стефан Лёвен бардык маалыматтар бул окуяны «террорчул акт» деп мүнөздөөгө негиз берерин айтты. Ал кол салууга байланыштуу бир адам кармалганын, жүк ташуучу унаада эки адам болгонун билдирди.

«Афтонбладет» гезити унаа жума күнү эртең менен сыра чыгаруучу Spendrups компаниясынан уурдалганын жазды.

Буга чейин Европада автоунаа менен элге кол салган бир нече террорчул акт катталган. 22-мартта Лондондо болгон чабуул беш адамдын өмүрүн алган. 19-декабрда Берлинде Жаңы жылдык жармаңкеге чогулган элге жүк ташуучу унаа сүзүп кирип, андан 12 адам мерт болгон.

2016-жылы Франциянын Ницца шаарында да жүк ташуучу унаа менен чабуул жасалып, 86 адамдын өмүрү кыйылган. Булардын баарына «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алган.

XS
SM
MD
LG