Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:03

Сирияда химиялык курал колдонулганы кабарланды


Идлиб шаары
Идлиб шаары

Сириянын түндүк-батышындагы көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн Идлиб провинциясында химиялык курал колдонулуп, андан 35 киши мерт кеткенин активисттер билдирип чыгышты.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы кабарлагандай, 4-апрелде Хан Шейхун районундагы аба чабуулдарынан кийин ондогон адамдардын дем алуу органдары жабыркап, айрымдарынын оозунан көбүк чыкканы байкалган.

Активисттер аба соккуларын Сирия өкмөтүнүн же Орусиянын учактары жасашы мүмкүн деп билдиришти. Буга орус тарап жооп бере элек. Сириянын президенти Башар Асаддын өкмөтү болсо, химиялык курал боюнча айыптарды четке кагып, тескерисинче, көтөрүлүшчүлөрдү тыюу салынган куралдарды колдондонду деп күнөөлөгөн.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун иликтөөчүлөрү Сирияда 2014-2015-жылдары хлорин химиялык заты колдонулган деген тыянакка келишкен.

XS
SM
MD
LG