Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:44

Депутат Карамушкинанын Фейсбуктагы баракчасы блоктолду


Бул тууралуу "Азаттыкка" КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина өзү билдирди. Ал Фейсбук аккаунтунун жабылышына акыркы Крым боюнча жазылган билдирүүсү жана Украинанын Кыргызстандагы элчисинин арызынын негиз болушу мүмкүндүгүн боолгоп жатат.

Депутат Крым жарым аралына баруу жеке сапар болгонун белгилеп, Украинанын элчиси өз ыйгарым укугунан аша чапканын кошумчалады.

- Биз эркин өлкөнүн жараны катары каалаган өлкөгө барууга акыбыз бар. Биздин Крымга жеке сапарбызды депутат Марат Аманкулов каржылады. Биз Крымдагы абалды уга бербестен, өз көзүбүз менен көрөлү деген чечимге келгенбиз жана ал жактагы абалга канааттандык. Ал эми Украина элчиси бизге кайсы тарап менен Крымга баруубузду чечпейт. Украинадагы ички абалды өздөрү териштирип алышсын.

Депутат Ирина Карамушкина 24-мартта Фейсбуктагы баракчасына сүрөтүн жарыялап, "Кыргыз депутаттары Крымда болду. Демек Крым – биздики дагы” деген пикирин калтырган.

​27-мартта Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенко социал-демократчы депутаттар Марат Аманкулов менен Ирина Карамушкинанын Крымга барганын айтып, буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине дипломатиялык нааразылыгын билдирген. (SDz)

XS
SM
MD
LG