Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:29

Жазуучу Кеңеш Жусупов II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды


Кеңеш Жусуповго сыйлык тапшыруу аземи.
Кеңеш Жусуповго сыйлык тапшыруу аземи.

Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Кеңеш Жусупов экинчи даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды. Жазуучунун “Жашоо кумары”, акын Алыкул Осмоновдун өмүр жолун баяндаган "Ыр сабындагы өмүр”, “Жүрөгүм менин тоолордо”, “Карагайчылар”, “Эне кудурети” жана башка аңгеме, повесттери көптөгөн чет тилдерге которулган, Жапония, Италия тууралуу жол баяндары окурмандардын кызыгуусун арттырган чыгармалардан.

Президенттин жарлыгына ылайык III даражадагы "Манас" ордени менен тарыхчылар Кыяз Молдокасымов, Тынчтыкбек Чоротегин, акын Анатай Өмүрканов, жазуучу Төлөгөн Козубеков, маданият ишмерлери Алтынбек Максутов, Эркин Ибраев, ишкер Медис Казакбаев сыйланышты. Сыйлыктарды тапшыруу жөрөлгөсү "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында 6-мартта президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда өттү.

Ошондой эле бүгүн өлкөнүн маданиятына салым кошкон жарандар улуттук маданиятка кошкон салымы, Үркүндүн 100 жылдыгын, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө көмөктөшкөнү үчүн "Ардак грамота" жана башка мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту. (MiK)

XS
SM
MD
LG